Menu

Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн шектүү кармалды. Ал кримавторитет Рыспек Акматбаевдин жакын тууганы

Бөлүшүү:

Бишкекте ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери издөөдө жүргөн адамдын жүргөн жери жөнүндө маалымат алышкан. Аны кармоо максатында, ИИМдин Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, борбор калаадан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын тургуну 1988-жылы туулган А.Р. аттуу жаран кармалган.

Айтылган жаран бир катар кылмыштарды жасагандыгы, анын ичинде алдамчылык аракеттери үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Ал кримавторитет Рыспек Акматбаевдин жакын тууганы.

2016-жылдын жаз айларында А.Р. Бишкек шаарынын жашоочусунун ишенимине кирип, анын “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунаасын алдоо жолу менен ээлеп алып, үчүнчү жактарга сатып жиберип, 4000 АКШ доллар өлчөмүндө материалдык чыгым келтирген. Октябрь райондук ички иштер бөлүмү ага издөө жарыялаган.

Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматы кармалган жаранды Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Учурда анын башка кылмыш иштерине катыштыгы бар же жоктугу такталууда. Кармалган адам Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: