Menu

Тажикстанда жоокердин оозуна «кайнак суу куюлганы» айтылууда

Бөлүшүү:

Тажикстанда кызмат өтөп баштаганына жарым гана ай болгон жоокердин ата-энеси армияда уулунун «оозуна кайнак суу куюп жиберишкенин», мындан улам ал сүйлөй албай калганын билдиришүүдө.

Азыр 26 жаштагы Баховуддин Юсупов оор абалда ооруканада жатат. Ал аскердик кызматты Душанбеден алыс эмес жайгашкан Гиссар районунда өтөп жаткан.

Жоокердин атасы Абдулхафиз Юсуповдун айтымында, ооруканага барганда уулунун бетинде көгөргөн жана шишиген жерлери болгонун көргөн. «Анын эриндери капкара болуп калыптыр. Чыны менен суу берсем коркуп, ичпей койду. Кайнак суудан өтө коркуп калыптыр. Колу менен жаңсап башынан жана тамагынан жаракат алганын көрсөтүп берди», — деди ал.

Бирок Юсупов кызмат өтөп жаткан аскердик бөлүктүн офицери бул маалыматты четке кагып, жоокер мурда эле оорулуу болгонун, ооруканага дарыланууга жиберилгенин билдирди. «Эч кандай кайнак суу оозуна куюлган эмес. Бул жөн гана сөздөр. Кандай болгондо да мыйзам баарын тактайт», — деди ал.

Жаракат алган жоокердин агасы Мехрубон Юсуфов иниси беш жыл мурда мушташта башынан жаракат алып, бир нече жолу дарыланганын билдирди.

«Ооба, ал оорулуу, бирок сүйлөй албай калганча эмес. Биз аларга башынан жаракат алганын, армияда кызмат өтөй албай турганы жөнүндө маалымкат бергенбиз. Бирок аны көчөдөн кармап кетишкен», — деди ал.

Тажикстанда өспүрүмдөрдү аскерге чакыруу өнөктүгү жылына эки жолу — жазында жана күзүндө болот. Мыйзам боюнча 18ден 27 жашка чейинки жигиттер аскерге барууга милдеттүү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: