Menu

Кыз ала качкан айыпталуучунун туугандары кызды алдап, анын укуктарын түшүндүрбөстөн, элдешүү боюнча келишимге кол койдурушкан

Бөлүшүү:

Ысык-Көл облусунда ала качылган кызды алдамчылык жол менен тараптардын жарашуусу боюнча келишим түзүүгө мажбур кылган. Бул тууралуу адвокат Агзам Дүйшөналиев “24.kg” агенттигине билдирди.

«Соттун жүрүшүндө кыз алдамчылык жол менен унаага отургузулуп, күч менен Ысык-Көл облусуна жеткирилгендиги тууралуу көрсөтмөсүн тастыктады. Ал жерде күйөө бала аны менен чогуу нике аземин өткөргөн. Алгач ал турмушка чыгуудан баш тарткан, бирок кийинчерээк эркектин жакындарынын кысымы менен макул болгон. Кыз 19 жашта, жана ал турмуш курууга даяр эмес. Айыпталуучунун туугандары аны алдап, анын укуктарын түшүндүрбөстөн, элдешүү боюнча келишимге кол койдурушкан. Ошол эле учурда жактоочу болгон эмес», – деди Агзам Дүйшөналиев.

Эскерте кетсек, Бишкекте 19 жаштагы кызды ала качып кетип, Ысык-Көл облусунун Түп районуна алып кетишкен. Жабырлануучунун туугандары аны көпкө чейин таба алышкан эмес. Натыйжада, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү үч адам кармалган. Ала качкан адам СИЗО-1ге камалып, анын туугандары үй камагына бошотулган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: