Өкмөткө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин жетекчилиги аймактык бөлүмдөрдүн башчыларынан мыйзамсыз акча талап кылууну уюштурганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Такталгандай, УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, “Кадастр” мамлекеттик мекемесиндеги аймактык бөлүмдөрдүн башчыларынан мыйзамсыз акча каражатын алуу боюнча коррупциялык схеманы аныктады.
“Көрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө “Кадастрдын” директору М.А.Т.ны системалуу түрдө акча чогултууга катышкандыгы аныкталды” деп айтылат маалыматта.
Кечээ, 2-декабрда Абдумуктар Маматов кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ