Кечээ, 2-декабрда УКМКнын корупцияга каршы күрөүү кызматы ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө акча каражаттарын алып жаткан жеринен КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Нарын аймактык бөлүмүнүн адиси К.Ч.О. кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Кармалган адам аталган мамлекеттик мекеменин башка кызматкерлери менен бирдикте айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн экзамендерди ийгиликтүү тапшырды деген жыйынтык бергендиги үчүн системалу түрдө акча алышканы аныкталды. Айрым учурларда, паранын суммасы бир жумуш күнүндө 60-70 миң сомго чейин жеткен, бул экзамен берген студенттердин санына жараша болгон.
Материалдар КЖБРге КР Кылмыш-жаза кодексинин 237-бөлүмүнүн 2-бөлүгү (коммерциялык сатып алуу) боюнча катталды. Кармалган адам Нарын ОИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ