Menu

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков БУУ тутумунун туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен жолугушту

Бөлүшүү:

КРнын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун Туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Өкмөт башчынын м.а. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн БУУ тутумунун бардык институттары менен өнөктөштүктү күчтөндүрүсүнө ишеним билдирди.

«Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана бийликтнн бардык институттарынын ишинде сиздин колдооңузга ишеним билдиребиз. Биз ошондой эле бардык өнөктөштөр менен Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүнүн биргелешкен долборун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ниеттенүүдөбүз. Мындан тышкары, эл аралык көмөктөштөрдүн көмөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым програмаларын ишке ашырууда алдыңкы тажрыйбаларды ишке киргизүүгө өбөлгө түзүп бере алат. Алсак, ишкерлик тармакты колдоого алуу, мамлекеттик түзүмдөрдү реформалоо, өлкөнү өнүктүрүү боюнча көмөк бере алат», – деп белгиледи премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун Туруктуу координатору Озонниа Ожиело өз кезегинде кызматташтык үчүн ыразычылык билдирип, уюм республика менен өнөктөштүккө жогору баа берерин белгиледи.

Пикирлешүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин басып өтүүсүнө көмөк көрсөтүү жана кызматташуу боюнча маселеси талкууланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: