Бүгүн, 15-февралда Бишкектин Октябрь райондук сотунда экс-министр Кеңешбек Дүйшөбаев, экс-генпрокурор Азимбек Бекназаров жана экс-депутат Ахматбек Келдибековдун экс-президент Алмаз Атамбаевге каршы берген доо-арызынынын негизинде соттук териштирүү башталды. Сот процесси башталар алдында журналист Адил Турдукуловго доогерлердин бири Азимбек Бекназаров маек берген.
“Атамбаев президент болуп турган учурда ар кайсы сөздөрдү, кемсинтүүлөрдү сүйлөнүп жатты, бирок, ал кезде сотторду колуна кармап тургандыктан биз сотко бере алган эмеспиз. Азыр президенттиктен кеткенден кийин да ал өйдө-төмөн сөздөрдү сүйлөп, жалаа жабууну улантып жатат. Өзүнүн “Апрель ТВ” жана “7-каналга” маек берип, бизге кайра асылыптыр. Мен “7-каналга” барып, директоруна “Сен ажысың, (Алтынбек Жумаев – ред.) мындай ушак айтканга болбойт. Эми телеканалдан жооп бергенге мага да эфир бер десем, колун менен өйдө көтөрүп, “тиги киши уруксат бермейинче мен эч нерсе кыла албайм, эфир бере албай м” деп Атамбаевди көздөп кыйытып, эфир бербей койду. “Апрель ТВ” да жооп берген жок. Анан аргасыздан сотко бердик”- деп жооп берди Азимбек Бекназаров.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ