Милициянын подполковниги, чуулгандуу Айбек Сыдыков ички иштер органдарынан кетирилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Аталган чечим кызматтык иликтөөдөн кийин кабыл алынгандыгы айтылууда.
«Айбек Сыдыков себепкер болгон жол кырсыгы Октябрь районунун ички иштер башкармалыгынын Бирдиктүү Кылмыштар жана Жоруктар Реестрине «Бейбаштык» беренеси боюнча киргизилди. Андан сырткары, «Ретро Метро» түнкү клубундагы ок атышуу иши боюнча Бишкек шаардык соту биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырган. Ал шарттуу мөөнөткө эркинен ажыратылды»,- деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, опер ыйгарымдуу Айбек Сыдыков Чүй жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгына учурап, айып унаа токтотуучу жайда турган бир нече унааны сүзүп кеткен. Ал 2017-жылдын 5-октябрында «Ретро Метро» клубунун кире беришинде атышууна катышып, «Бейбаштык» беренеси боюнча 3 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ