Бүгүн, 22-апрелде Кыргызстанда дагы 22 адамдан коронавирус аныкталды. Алардын ичинен 10у медициналык кызматкерлер. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Алар: Жалал-Абад облусу – 1,
– Ош облусу – 1,
– Ош шаары – 3,
– Нарын шаары – 1,
– Бишкек шаары – 3.
“10 учурдун ичинен 3сү дарыгер, калганы орто медициналык персонал” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Ошентип, республика боюнча коронавирусту жуктуруп алган медициналык кызматкерлердин саны 157ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ