Бишкекте мыйзамсыз курал алып жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, 3-декабрда Instagram социалдык тармагында белгисиз жигиттин түз эфирге чыккан видео тасмасы тараган. Анда унаада отурган жигит тапанча кармап алып: “Патрулдук милиция чыкса, атып сал” дейт.
Патрулдук милициянын кызматкерлери тарабынан 1995-жылы туулган О.Н. кармалып, Биринчи май РИИБге жеткирилген. Бул факт КЖБРге Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 253-б. (“Куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”) боюнча катталды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ