Бишкектеги Асанбай сейил багында жарылуу болду. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда Патрулдук милициядан билдиришти.
Алардын айтымында, 2-декабрда “102” линиясына чалуу келип түшкөн. Анда сейил бакка колго жасалган жардыруучу зат ыргытылганы айтылган. Окуя болгон жерге Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери барышып, шектүү жаранды кармашкан.
Кошумча иликтөө үчүн Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Анын өздүгү такталып, 1989-жылы туулган А.Н. экени белгилүү болгон. Бул факт КЖБРге катталган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ