Жаңы жылда кыргызстандыктар 3 күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирет.
Кыргызстандыктар 1-январда эс алышат, бул жума күнгө туура келген мамлекеттик майрам. Андан ары 2-3-январь ишемби жана жекшембиге туш келет.
Алдын ала маалымат боюнча, бул жолу иш күндөрү жылдырылбайт. 4-январдан 6-январга чейин кайрадан жумушчу күндөр. 7-январь, бейшемби, өлкөдө дем алыш күн, ал эми сегизинчи күнү дагы иш күн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ