Чүй ОИИББнын Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жана Жайыл РИИББнин ыкчам кызматкерлери бейбаштыкка шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, 21-ноябрда Жайыл райондук милициясына октон жаракат алган эркек киши ооруканага жеткирилгени тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери жерине келгенден кийин 1998-жылы туулган З.Н арыз жазган. Анда ал Ново-Николаевка айылындагы кафеде белгисиз адам аны себепсиз атып, качып кеткенин айткан.
Ошондой эле, арыз менен 1998-жылы туулган Р.Н. аттуу жаран кайрылган. Ал дагы кафеде ок атуудан жаракат алган. Бул фактылар КР Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) боюнча КЖБРге катталган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнү аныкташкан. Милиция кызматкерлери уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 1986-жылы туулган Б.М. аттуу жаранды үйүнөн кармашкан. Ал Жайыл РИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Б.М. 2008-жылы Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн опер кызматкери, милициянын лейтенанты Жолдошбек уулу Эркиндин өлтүргөндүнү үчүн соттолгон. Ал 11 жыл түрмөдө отуруп, 2019-жылы эркиндикке чыккан.
Учурда бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки процесстер уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ