Санкт-Петербург шаарынын Лиговск проспектинде жайгашкан батирлердин биринен аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу россиялык ММКлар жазып чыкты.
Алардын айтымында, Санкт-Петербург шаарынын 38 жаштагы тургунунун денесинде кесилген жарааттар табылган.
Маалымдагандай, батирдин ээси (пенсионер) 40 жаштагы Кыргызстандын жараны Алмаз Алмаматовго үйүн бир суткага ижарага берген. Кыргыз жараны Россияга 2019-жылы иштөө үчүн келген. Ал Вырица шаарчасында убактылуу каттоодо турат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ