Menu

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов: Кыргызстан бакубатчылыкка жана өнүгүүгө умтулуп, адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн бардык күч-аракетин жумшайт

Бөлүшүү:

КРнын президентинин милдеттерин аткаруучу, КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 10-декабрда, кыргызстандыктарды Эл аралык адам укугун коргоо күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Төмөндө куттуктоо сөзү:

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Бүгүн Кыргыз Республикасы дүйнө коомчулугу менен бирге Эл аралык адам укугун коргоо күнүнүн 72 жылдыгын белгилеп жатат. Мен силерди ушул майрам менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Адам укугу — бул туулгандан тартып ар бир адамга таандык болгон негизги укуктар жана эркиндиктер. Алар ар намыс, адилеттик, теңдик, сый-урмат жана көз карандысыздык сыяктуу жалпы баалуулуктарга негизделет. Алар мыйзам менен белгиленген жана корголот.

Кыргыз Республикасы эгемендикке ээ болгон күндөн тартып укуктук мамлекетти куруу жолуна түшүп, Конституцияда адамдын жогорку баалуулугу деп анын укуктарын жана эркиндигин белгиледи. Кыргыз Республикасынын, ошондой эле ар бир мамлекеттин милдети жарандардын кызыкчылыгын бардыгынан жогору коюу болуп саналат. Адилеттик жана мыйзамдын жоболорун сактоо принциптери биздин өлкөнүн ар бир жараны коргоодо болушу үчүн турмуштагы негизги ченем катары каралууга тийиш.

2020-жылдын 5-6-октябрында болуп өткөн окуялар Кыргызстандын эли адилеттүүлүктү жана мыйзамдуулукту бек сактарын жана адам укуктарын коргоо бардыгынын жана ар бир адамдын кызыкчылыгын көздөөрүн дагы бир жолу далилдеди. Адамдын укуктарын сыйлоо ар бир кыргызстандыктын бакубаттыгын шарттайт, коомдун ичинде туруктуулукка жана бейпилдикке өбөлгө болот.

Кыргызстан бакубатчылыкка жана өнүгүүгө умтулуп, адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн бардык күч-аракетин жумшайт.

Урматтуу мекендештер, Сиздерди дагы бир жолу Эл аралык адам укугун коргоо күнү менен куттуктайм! Силерге жана жакындарыңызга бейпилдик, ден соолук жана бакубат жашоо каалайм!»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: