Бүгүн, 10-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурунку мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевге байланыштуу биринчи сот отуруму башталат. Кылмыш авторитети Азиз Батукаевди бошотуу боюнча иш райондук соттун кароосуна соттун башка курамына жиберилген.
Белгилей кетсек, сот бүгүн Атамбаевдин баш коргоо чарасын карашы керек, анткени мурунку өкүмдөр жокко чыгарылган. Учурда Алмазбек Атамбаев №47 колонияда жатат.
Сот имаратынын жанында мурунку президенттин тарапташтары чогулуп алышкан. Алар “Атамбаевге боштондук”, – деп кыйкырышууда.
Эске салсак, 2020-жылдын 30-ноябрында, КРнын Жогорку сотунун соттук коллегиясы, криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин бошотулгандыгы боюнча, Алмазбек Атамбаевге карата чыгарылган бардык өкүмдөрдү жокко чыгарган.
Буга чейин биринчи жана экинчи инстанциядагы соттор Батукаевдин иши боюнча мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевди 11 жыл 2 айга эркинен ажыраткан болчу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ