Menu

Майкл Помпео: Америка Кошмо Штаттары жана анын өнөктөштөрү коррупция жана адам укуктарын бузуу үчүн жоопко тартууну жактайт

Бөлүшүү:

Майкл Р. Помпео, Мамлекеттик катчы

11-декабрь, 2020-жыл

Кечээ жана бүгүн Америка Кошмо Штаттары бүткүл дүйнө жүзүндөгү коррупцияга жана адам укуктарын бузууга катышкандарга каршы Глобалдык Магнитский Актысынын алкагында санкцияларды киргизди. Бул иш-чаралар дүйнөдөгү коррупцияны алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча эл аралык стандарттарды жана адам укуктарын көзгө илбегендерге каршы багытталган.

9-декабрь Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү күнүн жана 10-декабрь Адам укуктарынын Эл аралык күнүн белгилеп, дүйнө жүзүндө адам укуктарынын бузулушуна жана коррупцияга жол бербөө үчүн Америка Кошмо Штаттары Мамлекеттик департаменттин 7031 (c) Визаны чектөө органдары менен ушул санкцияларды колдонууда. Жалпысынан бул иш-аракеттер коррупцияны жана адам укуктарын бузгандарды, Кыргызстандагы бажы кызматкеринен баштап, Гаитидеги куралдуу топтордун башчыларына чейин, Чеченстандагы адам укуктарын бузгандарды жана башка көптөгөн кылмышкерлерди камтыйт.

Биз ушундай эле жол менен адам укугунан ажыратууну көздөгөндөргө каршы чара көргөн Улуу Британиялык өнөктөштөрүбүз менен биргеликте турабыз. Биз бүгүн Улуу Британияны адам укуктары боюнча глобалдык санкциялар программасынын алкагында жасаган иш-аракеттери үчүн куттуктайбыз. Акыркы 48 сааттын ичинде эле АКШ жана Улуу Британия коррупция же адам укуктарын одоно бузууга тийешеси бар 37 субъектти аныкташты.

Биз карманган идеалдарга күн сайын жарандык коомдун жана журналисттердин ушул иш-аракеттерге түрткү берген эбегейсиз эмгеги дем берип турат. Америка Кошмо Штаттары адам укуктарын коргоо, коррупцияга каршы күрөшүү, жоопкерчиликти жана акыйкат башкарууну илгерилетүү боюнча тилектештери жана жарандык коом менен өнөктөштүктү улантууга үмүттөнөт.

Биз ошондой эле, Европа Биримдигин ушул аптада адам укуктары боюнча өзүнүн дүйнөлүк санкцияларын кабыл алуу чечиминен кийин өнөктөш катары кубаттайбыз. Ушул сыяктуу инструменттер аркылуу жалпы баалуулуктарыбызды алга жылдырууну көздөгөн башка эл аралык өнөктөштөрүбүз менен биргеликте, биз коррупциялашкан субъектилерди жана адам укуктарын бузгандарды биздин юрисдикциябыз тараган жерлерде коопсуз жай таба албасын камсыз кылабыз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: