Menu

Сыймык Жапыкеев: “Сарпашев кайтарган 530 гектар жерди мүмкүнчүлүгү чектелген, муктаж адамдарга бөлүп берүүсүн жергиликтүү бийликтен талап кылып жатам”

Бөлүшүү:

Тайырбек Сарпашев тергөөгө келип, 530 гектар жерди мамлекеттин балансына өткөрүп берүү ниетин билдирген. Бул тууралуу кечээ, 10-декабрда Каржы полициясынын башчысы Сыймык Жапыкеев  коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Координациялык кеңешменин жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

“Камап салыш 5 эле секунд. Андан көрө 530 гектар жерди мүмкүнчүлүгү чектелген, муктаж жарандарга бөлүп берүүсүн айыл өкмөттөн талап кылып жатам” – деди ал.

Белгилей кетсек, мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Тайырбек Сарпашев Токтогул районунун Торкен айылынын балансына мурун өзү алган жана жакын туугандарына катталган, Токтогул районунда жайгашкан 500 гектар жайыт жерлерин, ошондой эле 30 гектар сугат жерин кайтарып берген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: