Menu

Мамлекеттик бажы кызматында Бишкек шаарындагы ЕККУ Программалык офисинин өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуу болуп өттү

Бөлүшүү:

Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук аппаратында КРнын бажы кызматынын төрагасынын орун басары З.О.Карашев менен Бишкек шаарындагы ЕККУ Программалык офисинин башчысы, элчи Пьером фон Аркс мырза менен эки тараптуу жолугушуу болду. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда КР Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу, ошондой эле 2020-жылга карата Кыргыз Республикасынын бажы кызматы менен ЕККУнун ортосундагы өз ара кызматташуунун алкагындагы иш-чаралардын ишке ашуусунун жүрүшү жана 2021-жылга карата пландалган иш-чаралар боюнча маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле бажы кызматынын борбордук аппаратында Кырдаалдык борборду техникалык жабдуу, бизнес процесстерди автоматташтыруу, бажы кызматынын жумуш процессин санариптештирүү, кызматкерлердин кесиптик квалификациясынын деңгээлин жогорулатуу жана Региондук окуу борборунун ( БДБУ РОБ) ишине жана “Меркатор” (БДБУ) Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун программасына ылайык соода жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү боюнча милдеттерди аткарууга бажы кызматына көмөк көрсөтүүсү боюнча маселелер талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кырдаалдык борборунун иштөөсү үчүн жабдууларды бажы кызматынын балансына өткөрүп берүү актысына кол коюлду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: