Ош шаарында денеси жылуулук өткөрүүчү түтүгүнүн астында жаткан аялдын өздүгү аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Белгиленгендей, 10-декабрь күнү саат 14:30да Масалиев көчөсүндөгү жылуулук өткөрүүчү түтүгүндө белгисиз адамдын жансыз денеси жаткан.
“Дене 2-3 айдан бери жатып, чирип кеткен. Аны жүзүнөн таанып калуу дээрлик мүмкүн эмес болчу”, – деп белгилешти милиция бөлүмүнөн.
Текшерүү учурунда анын өздүгү аныкталды. Каза болгон адам Ноокат районунун 1970-жылы туулган тургуну Б.У. аттуу жаран болуп чыкты.
Маркумдун туугандарынын айтымында, аял үйүнөн бир нече жыл мурун кетип, Оштун көчөлөрүндө жашап жүрчү. Учурда аялдын өлүмүнүн себеби такталууда. Керектүү экспертизалар дайындалды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ