БШК кезексиз президенттик шайлоо күнү референдумду өткөрүүгө кеткен чыгымдардын сметасын жасады, ал 39 миллион сомду түздү. Бул тууралуу маалыматты 15-декабрда БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
Анын айтымында, бул каражаттар бюллетендерди даярдап, шайлоо комиссияларына жеткирүүгө жумшалат. Ошондой эле референдум боюнча маалыматтык иш-чараларга каражат берилет.
Ал шайлоо күнү участкаларында бири референдумга, экинчиси президенттик шайлоого арналган урналар коюларын белгиледи. Бюллетендер бири-биринен айырмаланып турушу үчүн алардын түстөрү эки башка болот.
Ал ошондой эле референдум жалпы шайлоочулардын 3% ашуун катышуусу менен өттү деп тааныларын айтты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ