Москвада курьер болуп иштеген 19 жаштагы кыргызстандыкты бычактап, өлтүрүп салышты. Кылмышкер изделүүдө. Бул тууралуу “ТАСС” маалымат агенттигине укук коргоо органдарындагы булактар билдирди.
“Delivery Club” жеткирүү кызматынын кызматкери Ясеневодо белгисиз адам тарабынан бычакталган. Ал ооруканада көз жумган. Бычак анын жүрөгүнө тийген. Алар кол салган адамды издеп жатышат”, – деди агенттиктин булагы.
Ал кошумчалагандай, маркум 19 жашта, ал Москвага Кыргызстандан келген.
Алдын ала маалыматтар боюнча, адам өлтүрүүгө маркум менен анын таанышынын ортосундагы чыр себеп болгон. Учурда “киши өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ