Бүгүн, 17-декабрда активист Өндүрүш Токтонасыров Башкы прокуратуранын жанында жалгыз пикет өткөрүүдө.
Ал Тоң районунун судьясы Сабыр Соодонбековду жоопко тартууну талап кылууда. Ошондой эле, иш кайрадан ачылып, адилет каралсын, – деди ал.
Белгилей кетсек, судья Соодонбеков Ысык-Көл облусунун Тоң районунда кыз зордуктоо боюнча ишти караган. Ал 13 жаштагы кызды зордуктады деп айыпталган үчөөнүн экөөсүн актап, бирөөсүн 7,5 жылга эркинен ажыраткан.
Айыпталуучулардын бири 2-декабрда акталып, сот залында эле бошотулган. Ал эми сот 11-декабрда экинчи айыпталуучуну актаган.
Токтонасыровго Башкы прокуратурадан эки өкүл чыгып, иш көзөмөлгө алынганын билдиришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ