“Камчы Көлбаевди тааныйм. УКМКда тергөө абагында бизди беттештиришкен. Ошондо көрүшкөм” – деп билдирди 16-декабрда президенттикке талапкер Садыр Жапаров журналист Майраш Базлакуновага интервью берип жатып.
“Ага чейин массалык маалымат каражаттарынан көрчүмүн. 2012-жылы мен, Ташиев, Мамытов үчөөбүз камалбадык беле, ошол кезде Камчы Көлбаевди да Сауд Арабиясынан алып келип, СИЗОго камашты. Ошондо тергөөчүлөр 2010-жылкы иштер боюнча бизди беттештирген. Ошондо экөөбүз бет маңдай отуруп алып тергөөчүлөрдүн суроосуна жооп бергенбиз” – деди ал.
Садыр Жапаров андан кийин кримавторитет Камчы Көлбаевди көрбөгөнүн кошумчалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ