КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн экономикалык коопсуздукту камсыздоо чараларынын жана мамлекеттик органдардагы коррупциялык иштерге каршы күрөшүүнүн алкагында, Талас облусундагы Жоопкерчилиги чектелген коомдордун (ЖЧК) бири тарабынан 5 миллион сомдон ашык суммадагы милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Такталгандай, Мамлекеттик салык кызматынын Талас облустук башкармалыгынын (МСКБ) айрым кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин туура эмес аткаруусунун натыйжасында мамлекеттик бюджетке төлөнгөн кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөдө төмөндөтүү фактысына жол берилген.
Бул факт боюнча, сотко чейинки өндүрүштүк материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Учурда тергөө уланып жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ