Menu

Текебаевдин кодекси кайта артка кайтарыла турган болуп калды

Бөлүшүү:

2019-жылы 1-январдан баштап өлкөбүз жаңы Кылмыш жаза кодекси менен жашай турганы юристтердин көбүнө жете баштады. Жер-жерлерден прокурор, адвокат, судьялардын көпчүлүгү мынча сапатсыз мыйзамды кантип кабыл алышты экен деп, азыр окуп таанышып, баштарын катуу кармап отурушат. Көрсө, бул кодекстин автору азыр өзү “зэк” болгон Өмүрбек Текебаев болуп чыкты. Атамбаевдин макоо администрациясы акча уурдаганы менен алаксып турганда, каалагандай уголовный кодекс сыяктуу маанилүү документти бычып салыптыр. Кайдагы бир жаза категорияларын ойлоп таап, дүйнөлүк юриспруденцияда жолукпаган жаңы практикаларды киргизгенге үлгүрүптүр. Конституциянын автору эми түбөлүккө “Текебаевдин мыйзамы менен баардыгыңар соттолуп же акталасыңар” деген кыялы 2016-жылы туулган күнү 22-декабрда ишке ашырылыптыр. Кечээ күнү эле сот реформасы боюнча жыйынга катышкан президент Сооронбай Жээнбеков азыркы учурда эски кодекстерди эле калтырып, Текебаевдин кодекстерин жокко чыгарууну ойлонуп жатыптыр. Антпесе, 1-январдан баштап кылмышкер кайсы жаза алышы керек, кайсы категорияда деп сотточу прокурор дагы, судьясы дагы «түшүнө албай койдук” деп кыйналып атышкан кербези экен.

Булак: Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: