Menu

ЮНЕСКО тогуз коргоол оюнун адамзаттын маданий мурастарынын тизмесине кошту

Бөлүшүү:

ЮНЕСКО кыргыз элинин тогуз коргоол оюнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кошту. 17-декабрда Ямайкада уюмдун өкмөт аралык комитетинин сессиясында ушундай чечим кабыл алынды.

ЮНЕСКОнун сайтындагы маалыматка караганда, тогуз коргоол, тогыз кумалак жана мангала өңдүү салттуу интеллектуалдык элдик оюндарды Кыргызстан, Казакстан жана Түркия чогуу сунуш кылган.

Материалдык эмес мурастарды коргоо боюнча өкмөт аралык комитеттин жыйыны жылына бир жолу болот. Курамына 24 мамлекеттин өкүлдөрү кирет. Бул жолку беш күндүк сессия 14-декабрда башталган. Тизмеге кошуу үчүн комитетке ар башка мамлекеттерден 32 түрдүү элдик өнөр жана буюмдар сунуш кылынды.

Буга чейин аталган тизмеге кыргыз элинин атынан «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтиги, төкмө акындык өнөр, кийиз өнөрү, калпак тигүү өнөрү, айтыш, көкбөрү ж.б. кирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: