Menu

Видео – Садыр Жапаров бийликке келсе, Баткендеги прокурордун өлүмүнө айыпталып өмүр бою эркинен ажыратылган Мелис Калыковдун иши кайра караларына убада кылды

Бөлүшүү:

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров соттолгон Мелис Калыковдун туугандарына Баткендеги прокурордун өлүмү боюнча иш кайра караларын убада кылды. Бул тууралуу ал Баткен облусунун шайлоочулары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Садыр Жапаровго Мелис Калыковдун тууганы кайрылып, адилеттүү чечим чыгарууну суранды.

“Карапайым баланы алып барып камап коюшту” – деди Мелис Калыковдун тууганы эмоцианалдуу кайрылуу жасады.

“Макул. Кудай буйруп бийликке барып калсак, териштирип берем” – деп жооп берди Садыр Жапаров.

Эске сала кетсек, 2018-жылы, 17-ноябрда прокурор Анарбай Мамажакыпов киши колдуу болгон, анын сөөгү Баткендеги тоо арасынан табылган. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон. Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Мелис Калыков кармалып, Ош шаарындагы тергөө абагына киргизилген. Сот жараяны 2019-жылдын 7-майында башталган.

28-ноябрда Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү тууралуу иш Ош шаардык сотунда каралып, ага айыпталган Мелис Калыков өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: