Menu

Мамкаттоо: Жаңы паспорт апрелде бериле баштайт, аны менен виза алуу кыйла жеңилдейт

Бөлүшүү:

Кыргызстандын жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык биометрикалык паспорту келерки жылдын апрель айынан тартып бериле баштайт, ал маалымат коопсуздугунун заманбап элементтери менен камсыздалган.

Бул тууралуу 21-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) төрагасынын орун басары Тилек Батырканов билдирди:

«Паспорттун алгачкы үлгүлөрү Кыргызстанга келип түштү. Азыр эми биз Тышкы иштер министрлиги менен кошо аны легализациялоо боюнча жумуштарды аткарабыз. 2021-жылдын апрель айынан баштап Кыргызстандын жарандары жаңы үлгүдөгү паспорт ала баштайт».

Жаңы паспорттун бир бетине Жарандык авиация боюнча эл аралык ICAO (International Civil Aviation Organization) уюмунун талаптарына жооп берүүчү атайын технология гана көрө ала турган атайын чип орнотулган. Ал чип менен чет өлкөгө виза алуу бир топ жеңилдейт.

Мамкаттоонун маалыматына караганда, жаңы паспорттун дизайнында Кыргызстандын ар бир облусунун символу болгон элементтер менен катар кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарынын, архитектурасынын, тарыхый эстеликтеринин сүрөтү камтылган.

Биометрикалык паспорттун бланктарын Кыргызстанга германиялык «Мүлбауэр» («Mühlbauer ID Services GmbH») компаниясы даярдап берет. Мамлекеттик каттоо кызматы бул ишкана менен ушул жылдын 29-майында келишим түзгөн. Электрондук паспортторду даярдоо боюнча түзүлгөн үч жылдык келишимге ылайык, «Мүлбауэр» 1,5 миллион бланк чыгарышы зарыл. Ишкана бул кызматы үчүн 655 миллион 645 миң сом сунуш кылган.

Чет мамлекеттерге чыга турган жалпы жарандык биометрикалык үлгүдө болбогондуктан, АКШнын администрациясы 2020-жылдын 31-январынан тартып кыргызстандык жарандардын иммиграциялык визаларына жана грин-картка чектөөлөрдү киргизген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: