“Turkvision-2020” эл аралык сынагына Кыргызстандын атынан катышкан ырчы Айганыш Абдиева 16-орунду ээледи.
Эл аралык сынактын финалы кечээ, 20-декабрда өттү.
2020-жылдагы пандемияга байланыштуу, сынак онлайн режиминде өтүп, ага 26 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан. Сынакты украиналык ырчы Наталья Папазоглу жеңип алды. Ал гагауз тилиндеги “Tikenli yol” ырын аткарган.
Буга чейин, Айганыш Абдиева Кыргызстандыктарга колдоп берүүсүн өтүнүп, Инстаграм баракчасына билдирүү жарыялаган.
“Сиздер менен жакшылыгымды, сүйүнүчтүү кабарымды бөлүшкүм келди. Учурда мен «Turkvizyon 2020» эл аралык сынагына Кыргызстандын атынан катышууга даярданып жатам! Сынак онлайн өткөрүлөт. Сиздердин колдооңуздарга ишенем. Менин номерим 17. Мага дем берип, колдогон бардык Кыргызстандыктарга дагы бир ирет ыраазычылыгымды билдирем”, – деп жазган Абдиева.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ