Жыл аяктап, жаңы жыл келе жатат. Буга байланыштуу жыл жыйынтыгын чыгарып, жыл мыктыларын аныктагандар бар. Жыл мыктылары туурасында активист Мелис Аспеков Фейсбук баракчасында билдирүү жазды.
Анын айтымында, “Жылдын мыктысы”, – деген модага айланып кетти.
“”Жылдын мыктысы”, – деген мода болуп кетти. Адашпасам бир нече ушундай сыяктуу кечелерге чакырды. Барганым жок, себеби кайдагы мыкты, эмне болуп мыкты болуп кеттик, мамлекетти оңдоп мыкты болдукпу? Жөн эле простой жүрөлүчү”, – деп билдирүү жазган Аспеков.
Мелис Аспеков – “Мекенчил” партиясынын мүчөсү. Ал көптөгөн саясий акцияларга жана митингдерге активдүү катышып келет. Алдыдагы президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун Чүй облусундагы шайлоо штабын жетектөөдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ