Парламенттин экс-спикери Зайнидин Курмановдун кызы Малика Курманова президенттикке талапкер Садыр Жапаровду колдоо иретинде анын шайлоо фондуна 5 миллион сом которгон. Бул тууралуу маалымат Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялаган таблицада айтылат.
Анда Малика Курманова 5 млн сомду өз каалоосу менен бергени айтылат.
Бул боюнча экс-спикер Зайнидин Курманов журналисттерге анын кызы 40 жашта экенин, чечимди өз алдынча кабыл аларын белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ