Menu

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Балбак Түлөбаев мэриянын кызматкерлерине тааныштырылды

Бөлүшүү:

Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Бүгүн, 27-октябрда Түлөбаев мэриянын кызматкерлерине тааныштырылды. Аны өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Бакыт Аманбаев тааныштырды. Ал буйруктун текстин окуп берди.

Түлөбаев өз сөзүндө мэриянын бардык кызматкерлерин иштөөгө чакырды. «Жаңы мэрди шайлоодо ушул кызматта иштейм. Ошондуктан, мен баардыгын иштөөнү улантууга чакырам. Негизги милдет – кышка даярдануу жана пандемия менен күрөшүү», – деди ал.

Ошондой эле ал шаардыктардан тынчтанууну суранды. «Биз шаар үчүн иштейбиз. Кыш жакындап калды, коронавирус, баары жакшы болот. Мен бул команда менен жана шаардыктар менен биргеликте иш алып барабыз деп ойлойм», – деди Түлөбаев.

Балбак Түлөбаев 48 жашта. 2018-2020-жылдары Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси болуп иштеген. Акыркы үч айда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп кызмат кылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: