Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары кызматынан кетти. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди.
“Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары катары жакшы иштеп берди, тажрыйба топтоду. Өзүн саясий чөйрөдө жакшы көрсөтө алды. Ал өз ыктыяры менен башка өсүп келе жаткан депутаттарга орун бошотуу максатында кызматын тапшыруу боюнча чечим кабыл алды” – деп жазды ал.
Ошондой эле депутат “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын саясий кеңешинин чечиминин негизинде Уланбек Исмаилов ЖК Төрагасынын орун басарлыгына көрсөтүлгөнүн айтты.
“Бул чечимди “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаттары сурамжылоонун негизинде колдоп берди” – деп кошумчалады ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ