Соңку он күндөн бери өлкөбүздө шаар мэрлери менен жергиликтүү айыл өкмөт башчыларын шайлоо өнөктүгү күч алды. Өлкөбүз үчүн мааниси зор бул өнөктүккө жетекчиликке талпынгандардын арасында мурда-кийин кылмышка кириптер болуп, соттолуучулугу жоюла электери, муниципал-кызматта иш тажрыйбалары жетпегендери да катышып жаткандыгы чынбы? Бул тууралуу редакциябызга өлкөбүздүн туш тарабынан байма-бай коңгуроолор кагылып, артында күмөндүү шек жараткан талапкерлерге карата текшерүү болбой жаткандыгына кабатыр болушууда. Мындай шартта Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова өлкө аймагындагы айыл өкмөт башчылыгы менен калаа жетекчиси болууга ашыккандардын буга чейинки баскан изин катуу текшертүүгө алышы керек эле да, туурабы? Же кырдаалды тыкыр көзөмөл кылууга Шайлдабекованьш шаасы жетпей турубу? Кокус эртең жетекчиликке мурда-кийинки бандиттер, эч нерседен түшүнүгү жок чала сабат маңыроолор келип калса, элибиздин абалы кантет? Борбордук бийликтеги чабал кадрлардын айынан баткакка тыгылып жатканыбыз аз келгенсип, эми жергиликтүү жетекчилердин да ишке жөндөмсүздүгүн элибиз тарта бериши керекпи? Ойлонбойлубу эртерээк? Деңгээлин, эки жагын тыңгылыктуу карабагандардын заманы болду го!
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ