Menu

Тажикстанда 12 жаштагы баланын зордукталышы иликтенүүдө

Бөлүшүү:

Рудаки районунун жашоочусу 12 жаштагы уулу зордукталганын билдирди. Аял бул тууралуу милицияга кайрылгандан кийин күйөөсү аны менен ажырашып кеткен.

Ноябрдын аягында Рудаки райондук соту 18 жаштагы жигитти адепсиз жоруктарга айыптап, 160 саатка түзөтүү жумуштарына кескен. Өкүм “14 жашка чыга элек балага адепсиз кылык-жоруктарды көрсөтүү” беренесинин негизинде чыккан.

Жабырлануучунун апасы жана адвокаты соттун чечимине макул эмес. Адвокат сот “14 жашка чыга элек балага сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү” беренесинин негизинде өкүм чыгарышы керек болчу деп эсептейт. Алар жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрылышты.

Соттолгон жигиттин атасы уулу баланы зордуктабаганын айтууда.

– Эми ал кандайдыр бир жаман жорук жасаптыр, бирок сотмедэкспертиза олуттуу эч нерсе болбогонун көрсөттү го. Мен дагы күнөөлүүмүн, эртеден кечке курулушта жүрүп, баламды карабай албай калдым, – деген ал.

Жабырлануучунун апасы соттолгон жигит уулун үч жолу зордуктаганын билдирүүдө:

– Бул тууралуу күйөөмө айтсам, ал такыр башкача реакция жасап, эч кимге айтпоону талап кылды. Күйөөм туугандарга жана кошуналарга уят болобуз деди. Мен болбой, милицияга арыз жаздым. Ошондон кийин күйөөм мени менен ажырашып кетти.

Алар 13 жыл чогуу түтүн булатышкан, ортодо эки уул, бир кыз бар.

Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода июль айында өткөн маалымат жыйыны учурунда акыркы алты айда өлкөдө зордуктоо боюнча 16 учур катталганын айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: