Бишкек шаарынды баңгизаттар социалдык тармактар аркылуу сатылып жатат. Бул тууралуу Twitter колдонуучусу Чолпон Абырахманова өзүнүн баракчасына жазды.
“Баңгизат Инстаграм жана Телеграм аркылуу сатылат” – деп жазган ал.
Ал ошондой эле, баңгизаттарды сатып жаткандардын социармактардагы баракчаларынын скриншотторун жарыялаган. Сүрөттөрдөн дүкөн күнү-түнү иштей турганы, баңгизаттар Бишкек шаарынын бардык райондоруна жеткиликтүү экени жазылганын көрүүгө болот.
Ал эми Инстаграм баракчасында тиркелген шилтемени басып баңгизаттар сатылган Telegram каналына кирсе болот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ