Menu

Видео – Бактыбек Жумашев, адвокат: “Кубанычбек Жумалиев эч ким аркылуу Сыймык Жапыкеевге $1 млн сунуштаган эмес”

Бөлүшүү:

“Кубанычбек Жумалиев эч ким аркылуу Сыймык Жапыкеевге $1 млн сунуштаган эмес. Жапыкеев мындай маалыматтарды кайдан алып жатканын билбейм”, – деп билдирди бүгүн, 14-январда депутаттын кызыкчылыгын коргогон адвокат Бактыбек Жумашев Финполдун төрагасы Сыймык Жапыкеевдин эл өкүлү боюнча билдирүүсүнө жооп кайтарып.

“Өзү юрист болсо, Финполдун төрагасы 1 миллион доллар сунуштаган кишини кармабайбы? Ошондой эле, Жапыкеев “Жумалиев камалат” деп айтты. Бул да мыйзамга туура келбеген сөздөр. Биринчиден, Сыймык Жапыкеев тергөөчү эмес да, тергөө кызматы анын кол алдында иштеп жаткан жок. Жазык-процесуалдык кодекске, ылайык тергөө өзү чечим кабыл алат. Бир гана прокурор көзөмөл жүргүзө алат. Бул сөздөрү менен ыймык Жапыкеев Кубанычбек Жумалиевдин кылмыш ишине кийлигишип жатат”, – деди адвокат.

Белгилей кетсек, буга чейин Финполдун төрагасы Сыймык Жапыкеев депутат Кубанычбек Жумалиев жакында камала турганын жарыялаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 71 = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: