Menu

Малайзияда COVID-19дун жаңы штаммы табылды

Бөлүшүү:

Малайзияда коронавирустун жаңы штаммы (түрү) катталды. Бул тууралуу New Straits Times басылмасы өлкөнүн саламаттык сактоо министри Нур Хишам Абдуллага шилтеме кылып билдирди.

Маалыматка караганда, A701V деген аталышка ээ болгон штамм Сабах штатындагы коронавирустун үлгүлөрүн изилдөөнүн жыйынтыгында табылды.

«Азырынча бул штаммдын клиникалык таасирин, канчалык жугуштуу экенин билбейбиз. Азыр адистер анын натыйжалуулугу менен агрессивдүүлүгүн аныктоого аракет кылып жатышат», — деди Абдулла.

Буга чейин Улуу Британия да өлкөдө коронавирустун мутацияланган жаңы түрү аныкталып, тарап жатканын билдирген. Буга байланыштуу Европа жана башка аймактардагы ондогон өлкө бул мамлекет менен каттамдарга чектөө киргизген. Британ саламаттык сактоо мекемеси жаңы штамм мурдагыга караганда 70% жугуштуу деген божомолун айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 20 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: