Саламаттыкты сактоо министрлиги 1 миллион доллардан ашык каражатка пайдасыз келишим түзгөндүгү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Саламаттыкты сактоо министрлигинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, министрликтин айрым кызмат адамдары 2014-2019-жылдарга аудит жүргүзүү үчүн консультациялык кызматтарды сатып алууда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, тиешелүү мониторинг жүргүзүлбөстөн, кызматтарды сатып алуу үчүн ашыкча бааланган сумма көрсөтүлгөн. Жыйынтыгында D.&T. ЖЧКсы менен 1 060 730 долларга келишим түзгөн. 2019-жылы аталган компаниянын эсебине 63 804 432 сом которулуп, натыйжада мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.
5-декабрда Башкы прокуратура бул фактыны Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинде (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 322-беренесинде (Атайылап пайдасыз келишим түзүү) каралган кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттады. Материалдар сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу үчүн тиешелүү тергөө органдарына жөнөтүлдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ