Menu

“Дарыгерлерге сапатсыз бет каптар берилет”, – деп айткан дарыгер кызматтан кетти

Бөлүшүү:

Ушул жылдын жаз айында социалдык тармактарда “Сапатсыз бет каптар берилип жатат” – деп айтканы үчүн кечирим сураган кыргызстандык жаш дарыгер Бектур Апышев жумуштан кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн Твиттердеги баракчасында жарыялады.

“Кыргызстанда дарыгер болуп иштөө таптакыр мүмкүн эмес. Мамлекет бизден баарын талап кылып, анын ордуна биз эч нерсе албайбыз, а мен болсо бул акыйкатсыз системага кошула алган жокмун. Буга көптөгөн дарыгерлер макул болушат деп ойлойм”, – деп жазган дарыгер.

Эске салсак, Бектур Апышев ушул жылдын апрель айында дарыгерлерге сапатсыз бет каптар берилет деп жазган. Бир нече күндөн кийин Бектур Апышевдин кечирим сураган видеотасмасы тараган.

Көпчүлүк адамдар анын чечимин колдошту, айрымдары ага өлкөдөн толугу менен чыгып кетүүнү сунушташты. Кээ бирлери болсо өлкөдөн кетпөөнү суранып, эң башкысы өз кесибиңди сүйүү керек экендигин эскертишти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: