Menu

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору Кыргызстанды COVID-19га каршы күрөшүү үчүн шаймандар менен камсыз кылды

Бөлүшүү:

Өткөн жумада АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун (CDC) өнөктөшү Колумбия университетиндеги ICAP, Кыргызстандын Бишкек, Нарын, Ош шаарларындагы жана Ат-Башы районундагы саламаттыкты сактоо мекемелерине 652,000 долларлык лабораториялык жабдыктарды жана шаймандарды өткөрүп берди. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белекке тапшырылган жабдыктар COVID-19га тест тапшыруу үчүн колдонулат. Бул салым Кыргыз Республикасынын COVID-19ду тестирлөө мүмкүнчүлүгүн күнүнө 2700 тестке жогорулатат деп күтүлүүдө.

“Бул узак мөөнөттүү инвестиция,” – деди АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун
(CDC) Борбор Азия боюнча директору доктор Даниэл Сингер. “Белек катары берилген жабдыктар өлкөгө
учурдагы пандемия менен күрөшүүгө гана жардам бербестен, келечекте башка жугуштуу оорулардын
жайылышына каршы турууга жардам берет”. Жабдууларды жеткирүү үчүн эң алдыңкы PCR Thermal
Cyclers кирет, алардын жалпы наркы 300,000 доллардан ашык, бул үчүнчү тараптын өндүрүүчүлөрү
тарабынан өндүрүлгөн ар кандай тестирлөө системаларынын кеңири спектрин колдонуп, Кыргыз
Республикасынын COVID-19ду тестирлөө потенциалын кыйла жогорулатат.

Бул соңку кайрымдуулук кадам COVID-19 эпидемиясына каршы күрөшүүдө Кыргыз Республикасын
колдоо үчүн CDC тарабынан убада кылынган 1.38 миллион долларлык колдоонун бир бөлүгү болуп
саналат. Жогорку кубаттуулуктагы кычкылтек концентраторлорунан баштап, алдыңкы эпидемиологиялык
анализ программаларына чейин, Америка Кошмо Штаттары АКШнын Эл аралык кызматташтык
агенттиги (USAID), CDC жана Мамлекеттик департаменти аркылуу 5 миллион доллардан ашуун
өлчөмдөгү жардам көрсөтүүдө.

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун (CDC) Борбор Азия боюнча кеңсеси
аймактагы саламаттыкты сактоо министрликтерин эпидемия башталгандан бери тез жардам
операциялары, лабораториялык операциялар, инфекцияларды алдын алуу жана көзөмөлдөө, өлкөгө кирүү
чекиттеринде текшерүү, тобокелдик байланыштары жана коомчулуктун катышуусу боюнча тренингдерди
уюштуруу жана техникалык жардам көрсөтүү аркылуу колдоп келе жатат. CDC ошондой эле алдынкы эл
аралык коомдук саламаттыкты сактоо уюмдары тарабынан жарыяланган техникалык жетекчилик
документтерин жайылтуу үчүн аларды орус тилине которууда.

Быйыл CDC/Central Asia 25 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Аймактагы биринчи CDC кеңсеси
1995-жылы Алматы шаарында ачылган. Бүгүнкү күндө агенттиктин кызматкерлери Казакстанда,
Кыргызстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда иштеп, бул өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо
министрликтерин медициналык кызматкерлерди окутуу, алардын саламаттыкты сактоо тутумун
чыңдоо жана COVID-19, ВИЧ, кургак учук жана башка жугуштуу оорулардын эпидемияларына бөгөт
коюуу үчүн колдоп келишет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: