Санкт-Петербургда таксист болуп иштеген кыргыз жараны жасалма айдоочулук күбөлүк менен кармалды. Бул тууралуу россиялык ММКлар жазып чыгышты.
Белгиленгендей, жол кайгуул кызматынын инспекторлору Приморск аймагындагы жол кырсыгын каттоого барышкан, бирок “Яндекс.Таксинин” айдоочусунун айдоочулук күбөлүгүнүн аныктыгы шек туудурган. Кыргызстандыктын айдоочулук күбөлүгү принтерде басылып чыкканы аныкталган.
“Жасалма айдоочулук күбөлүк үчүн мигрантка карата кылмыш иши козголот. Ушундай документи бар адамды кантип такси кызматына жумушка алышканы бул өзүнчө суроо”, – деп айтылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ