Menu

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев балдарды калыбына келтирүү борборуна акчалай жардам көрсөттү

Бөлүшүү:
Бүгүн, 28-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “Нур+” деген майып балдарды калыбына келтирүү борбору барып, акчалай жардам берди. Бул тууралуу журналист Медер Шерметалиев Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, быйыл имараттын ижара акысын төлөй албай, кичинекей балдар кыштын кычыраган бул суугунда көчөгө чыгып калуу алдында турган.
“Кайрылып кат казып жардам сурабаган жер калган жок. Баары эле жоктун башын айтып туруп алды. Акыры болду болбоду деп мындан 3 күн мурун кат жазып алып жардам сурап Камчыбек Ташиевдин кабылдамасында болуп кайттык эле. Бүгүн, ошол суранычыбызды жерде калтырбай Камчыбек Кыдыршаевич өзү келип балдардын өмүрүнө майрам тартуулап, акчалай жардам таштап кетти. Үлгүрөп үмүт жок отурган ата-энелердин сүйүнгөнүнөн ыйлаганын айтпагыла! Жаңы жыл алдында балдарга табылгыс чоң белек болду”, – деп жазган ал.
Ал Камчыбек Ташиевге суранычты четке какпай, көңүл буруп, жардам сунганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: