Menu

Турсунбек Акун, Элдик Акыйкатчы: “Нарындын губернатору Турсунбек Акун жана оппозициянын өкүлдөрү Нарынга келсе киргизбейм дептир”

Бөлүшүү:

 

25 жылдан бери укук коргоочу болуп жүргөн, Кыргызстандын эки жолку Акыйкатчысы болуп шайланган Элдик Акыйкатчы Турсунбек Акун менен мамлекетибиздеги саясый кырдаал, бийликтин  катачылыгы, бийлик бүгүн тизгинин тартпаса эртең кеч болуп калаары тууралуу жана 16-мартта өтө турган атуулдук форум тууралуу  баарлаштык. 

– Турсунбек агай, акыркы мезгилде оппозицияга ыктап бараткандай таасир калтыра баштадыңыз. Мындан ары позицияңызды өзгөртүп, бийликти сындап, оппозицияга жан тартайын деп чечтиңизби?

– Мен атайылап бийликти сындап, оппозиция болоюн деп аракет кылган жокмун. Өкмөттүн акыркы кездеги элдин кыжырын кайнаткан туура эмес кадамдары, тарифтерди жогорулатууга жасаган  аракети, тоолуу райондордогу жеңилдиктерди алабыз деп көтөргөн маселелери боюнча айткан каршы пикирим мени оппозиционердей көрсөтүп койду  окшойт. Болбосо,  оппозицияга өтүп, бийликке сокку урайын деген максатым  жок. Себеби, мен табиятымдан укук коргоочумун. Чыныгы укук коргоочу тигил же бул топко жан тартпайт. Кайсыл мезгил болбосуна, калыс пикирин айтат.

Кандай маселе көтөрүлбөсүн, кайда сүйлөбөйүн бийликтин катачылыгы  менен кошо алардын артыкчылыктарына токтолуп, калыстыгымды көрсөтүп жатам. Маселен, эл арасында азыркы бийлик мурдагы бийликтен өтүп кетти деген күбүр-шыбырлар көбүрөөк  айтыла баштады. Бирок, мен ал пикирге толугу менен кошула албайм. Анткени, азыркы бийликтин мурдагы бийликке караганда мактоого татырлык иштери бар. Болгону, акыркы кездеги начар иштери жакшы иштерин көмүскөдө калтырып жатканын айтып, Атамбаев мурдагы бийликтей болуп  үй-бүлөлүк системаны киргизбегенин, жаманбы, жакшыбы парламенттик системаны түптөгөнүн, өкмөттүн, парламенттин ыйгарым укугун талашпаганын, аялын, балдарын коррупцияга аралаштырбаганына токтолом. Алмаз Шаршенович мамлекеттин ролун да көтөрүп койду.

Ал президент болгону Кыргызстанда стабилдүүлүк сакталып калды. Бирок, “Беш кол тең эмес” дегендей бул мисалдар Атамбаевдин бийлиги ойдогудай  иштеп жатат деп айтыш кыйын. Анткени, Атамбаев да жаңылып жазып, ооматын кетирип, тегерегине туура эмес кадрларды топтоп алды. Азаптуу күндөрдү бирге кечирген досторунан алыстап, буга чейинки бийликке кошомат кылып келген кадрларга ишеним артып, өзүнө көлөкө түшүрүп, алсыздыкка жол берип, баш көтөргөндөрдү жоготуштун айласын издеп, кылмыш ишин козгоп, саясый куугунтук жасоо менен алек болуп калганы жогоруда санаган жакшы иштерин көмүскөдө калтырып, жаман иштеген президенттей эле таасир калтырып калды.

Сиз анткениңиз менен сизди жакшы билгендер оомат оппозицияга ооп баратканын сезип, Турсунбек Акун оппозицияга ыктап, президентти ачык сындай баштады. Оппозиция  менен бийликке келип, Акыйкатчы болот экен деген имиштер айтыла баштады го. Ишенсек болобу?

– Мен Акыйкатчылык деңгээлден өтүп кеткем. Бир эмес, эки жолу Акыйкатчы болдум. Быйыл койсом өткөрбөй коюшту . Элдик Акыйкатчы ишимди уланта берем.Эми акыйкатчы болууга ашыкпайм. Анткени, мен Акыйкатчылык деңгээлден эбак өтүптүрмүн. Эми саясий укуктарды коргоп чоң саясаттын татаал жолун аттанам. Оппозицияга кошулуп, оппозициянын камчысын чаппайм. Бийликке жагалданбайм. Кошомат кылбайм. Агын ак, карасын кара дейм. Акыйкатчылык кызматка барбайм. Акыйкатчы болуп  6 жыл иштедим. 25 жылдан бери укук коргоочу болдум. Эми башка деңгээлге өтөм.

Анткени, азыркы бийликке күчтүү Акыйкатчынын кереги жок экен. Бийлик менен оппозицияны бир столго отургузуп, мамлекетибиздеги кырдаалды чечүүнүн жолун издейм. Эгер Президент жана анын командасы 16-мартта өтүүчү  форумга катышып, диалогдогу көтөрүлгөн маселелерди чечүүнүн жолун таппаса, оппозиция жана бийлике нааразы күчтөр менен сүйлөшүүгө барбаса анда мен баш отум менен саясатка киришип, мыйзам чегинде бул бийлик эсине келгенче күрөшөм. Мен жаңы кыргыз суверендүүлүгүн түптөгөн адамдардын биримин. Азыркы Президенттен жана азыркы аты чыккан көптөгөн саясатчылардан мурун саясатка аралашканмын.Президент бизнес кылып, турдүү фонддорду түзүп  жүргөндө Текебаев, Казат Акматов, Топчубек Тургуналиевтер менен  бирге саясатка аралашканмын.

Менин башка саясатчылардан айырмам өлкөдө эмне болоорун бир же жарым жыл мурун сезип турарымды раматылык экономист Шералы Назаркулов айтып жүрчү эле. Себеби,  жылым доңуз.  Алмаз Атамбаев ушундай бир жактуу саясатын жүргүзүп башка коомдук үучтөр менен биргелешип иш алып барбаса эл көтөрүлүп алда бир башка мамлекетке качып кетүү коркунучу бар. Эгер президент оппозиция менен диалогго келип, иш билги адамдарды бийлик структураларына койбосо,  буга чейинки кетирген  катачылыгын мойнуна албаса ага өтө эле оор болуп калат. Мен муну Президент коркуп калсын деп эмес, ага алдын ала болчу иштен кабардар кылып, коңгуроо кагып жатам.

-Турсунбек агай, жакында түзүлгөн социалдык, экономикалык граждандык жана саясый укуктарды коргоо боюнча түзүлгөн комитет 16-мартта форум өткөргөнү жатыпсыңар. Ошол форумга  Президент да катышсын деп жатасызбы?

– Ооба. Жок дегенде Президенттин атынан атайын өкүлдөр катышсын деп жатабыз. Анткени, эл арасында күч алган нааразычылыктарды жөнгө салыш үчүн социалдык, экономикалык, граждандык жана саясый укуктарды коргоо учун уюштуруу  комитетин түзгөнбүз. Буга чейинки тажрыйбамды эске алып, мени төрага кылып шайлашкан.  Комитеттин мүчөлөрү жер-жердеги нааразычылык акциялардын башында турган жергиликтуу  лидерлер болду.

Мына ошол жаңы түзүлгөн комитеттин демилгеси менен  16-мартта Гапар Айтиевдин көркөм сүрөт музейинде форум өткөрөт.  Башкача айтканда, бийлик менен оппозицияны тегерек үстөлгө чакырып, диалог аркылуу оорлоп бара жаткан кырдаалды чечүүнүн жолун издейбиз. Аталган форумга президенттин жана окмоттун аппаратынын, губернаторлордон    баштап,   граждандык коомдун жана  оппозициянын өкүлдөрүн   чакырдык.

Эки тараптын тең катачылыгын айтып,” пикет, митинг өткөзөбүз” деген оппозиционерлерди мамлекеттик телевидениеден бир жактуу жамандап, элдин кыжырын кайнатып, эски обонду созуп жатканы жөнсүз экенине токтолобуз. Ошондой эле оппозиционерлер ыгы келсе да, келбесе да президенттин бала-бакырасына, туугандарына жана анын улутуна  шек келтирип, тескери коомдук пикир жаратууга аракеттенгени туура эмес экенин  айтабыз.

Кыскасы, эки тарапты тең сүйлөшүүгө чакырып,  бири-бирин бир жактуу каралагандан алыс болгула дейбиз. Ар кимибиз билген чалмакейди чалып, мамлекеттүүлүккө шек келтирбей мамлекеттин кемесин чайкабоого чакырабыз.

30-мартта дагы бийликти да, оппозицияны да диалогго чакырып, жазында болот деген төңкөрүштү, революцияны алдын алууга аракеттенебиз. “Эсиң барда этегиңди жап” деп азыркы бийликтен оомат кетип баратканын ачык айтабыз.

-Бийликтен оомат кеткенин кантип билдиңиз?

-Бийликтин ооматы кеткен үчүн жер-жерлерде  түрдүү комитеттер түзүлүп, бийликти кулатуунун жолун издеп жатышат. Айтайын дегеним, өлкөнүн түштүгүндөгү 14-мартта өткөн жер-жерлердеги митингдер, 24-мартта боло турган  курултайдын баары бийликтин  ооматы кетип, элдин нааразычылыгы күчөп баратканын далилдейт. Айтайын дегеним, президенттин ооматын Акаев, Бакиевдин учурунда иштеген кадрлардан арыла албаганы үчүн  да эртелеп кетип жатат. Бүгүн чара көрбөсө, эртең кеч болуп калат. Анткени, президенттин оң колуна айланган айрым кадарлар   Фарид Ниязовго окшогондордун көзүн май басып калды. Мен Фаридге кирип мамлекеттеги кырдаалды түшүндүрөйүн, бийликтин кемчиликтерин айтайын десем  канчадан бери кабыл албай көңүл бурбай жатат. Эки жарым жылдан бери президентке кирип, кеңешимди берейин десем ал да кабыл албай койду. Оппозицияга да кошулбай, бийликтен кызмат сурабаганыбыз менен 20 жылдан бери чогуу жүргөнүбүздү эстеп, ичиң ачышып, жаман күнгө ыраа көрбөй бир кабыл алса башкача чара көрөт беле деп ойлойсуң. Бирок, Атамбаев Акаев, Бакиев доорунан бери бийлик менен кызматташып келгендер менен ымалага келип,  20 жылдан бери чогуу жүргөн досторун эсинен чыгарып койду. Чынында Атамбаев Аксы окуясынан кийин биздин аркабыз менен Түркияда саясый куугунтук жеп  качып жүргөн  жеринен Кыргызстанга кайрылып келип, аксылыктардын, укук коргоочулардын аркасы менен мекениме кайтып келдим деп көзүнө жаш алган. Аксылыктарга 50 миң сом берген. Такта өмүр бою отура тургансып, кыйын кезеңде жанында болгон досторун эсинен чыгарып жаткан өкүнтөт.

-Президенттин эски досторун эсинен чыгарып койгону  сизди ушундай ачуу сөздөрдү айтууга аргасыз кылып жаткан жокпу?

-Бийликтин ооматы кетип жатат деп коңгуроо кагып,  бул президенттин тагдыры мурунку президенттердин тагдырынан да оор болушу мумкун дегеним менен  мен Атамбаевдин кетишин каалабайм. Анткени, президент болот элем дегендердин арасынан азырынча  андан кыйын эч кимди деле көрө элекмин.

Атамбаевдин ордуна бирөө келсе эле Кыргызстанды  жыргатып жиберерине көзүм жетпейт. Ар беш жылда  революция кылып, бийликти алмаштыра берсек, жакшылык деле болбойт. Бирок, Президенттин “оппозиция 10 миң киши чыгарса, мен 20 миң киши чыгарам” деп айтканын ага кирип чыккандар эл арасына жеткируудо.

Президент ошондой деңгээлде ой жүгүрткөнүнө капа болуп жатам.  Президент оппозицияга эрегишпей  эсине келиши керек. Мен бул ачуу сөздөрдү Алмаз Шаршенович  досторун кызматка койсун деп айтып жаткан жокмун. Жанында жүргөндөргө караганда ага биз көбүрөөк күйөбүз. Ошон үчүн  анын оор тагдырга кептелишин каалабаганыбыз үчүн ачуу сөздү айтып жатабыз. Ошон үчүн президент  мамлекетти чайкабай, адамдарга маани бериши керек. Досторун кабыл алып, кырдаалды колго алуунун жолун табышы керек. Болбосо, Алмаз Шаршенович  Фарид Ниязов менен ак үйдүн эле президенти болуп калгандай түр көрсөтүүдө. Алмаз Атамбаев  ак үйдүн эле эмес,жалпы кыргыз эли ишенген президент болуп элдин жападан жалгыз таянычы болуш керек.

Президентке жеке таарынычыңыз барбы?

-Жеке деле таарынычым жок. Болгону, зыяныбыздан пайдабызды көп көрсө да, билмексен, көрмөксөн болуп, көзүн май басып калганына таңгалып жатам. Ал кимдер аркылуу Президенттик кызматка келгенин унутуп калгандай.

-Балким, президенттин кетер күнүн эрикпей санаганы,  нааразычылык акцияларынын күч албашына себеп болоттур. Президенттик такты көздөгөндөр мынча убактан кийин Атамбаев кызматтан кетет деп демин басып турар…

– Президенттин кызматтан кетем деп күнүн айын, жылын санаганы курчуган кырдаалды токтото албайт. Анткени, кырдаал барган сайын кыйындап баратат. Президент кетер күнүн кечээ же бүгүн эле санап баштаган  жок. Ал президент болуп такка отурган күндөн көп  өтпөй эле  баштаган. Улам айтып,  сөздүн маанисин кетирбей эле  эл чогулган жерден  мөөнөтүмдүн аягына чейин отурам.  Кийинки жолу президенттикке ат салышпайм. Конституцияны бузбайм деп  айтып койсо эле жетиштүү болмок. Президент кеткенге эмес, элдин эсинде калган жакшы иштерди жасаганга ашыгышы керек. Болбосо эл алдына чыккан сайын мынча жыл, мынча ай, мынча күндө кетем дегени тамашалуу мыскылга айлана баштады.

– Президенттин оппозиция тууралуу айткан пикирлерине кандай комментарий бересиз?

– Оппозицияга туура эмес мамиле кылып жатканына чыны менен ичим ачышат. Анткени, демократияны курууда,адам укугун коргоодо,соз эркиндигуу учун курошудоо Текебаев, Бекназаров, Суваналиев, Ташиев, Мадумаров, Келдибековдордун кошкон үлүшү дагы оңой эмес. Аларда оз убагында эл үчүн эмгек кылышты.

Акыркы убактарда Президент өзү менен көп жыл жүргөн досторун түрдүү оор сөздөрдү айтып  жүргөнүн угуп жатабыз. Чогуу жүргөн досторун сындоонун ордуна казактарга кеткен Каркыраны кайтарып алса кыргыз эли үчүн жакшы болоор эле. Назарбаевдин бутуна чөгөлөсөм да алам деген эле го.

Бак тигип атып оппозицияга асылганын ордуна Кытайга кеткен Үзөнгү-Куушту  кайтарып алса анын эмгегин кыргыз эли эч качан унутпайт эле.

Баса, Президент эле эмес,  Нарындын губернатору Аманбай Кайыпов Турсунбек Акун жана оппозициянын өкүлдөрү  Нарынга келсе киргизбейм дептир. Мен биринчиден, оппозициянын өкүлү эмесмин. Экинчиден, бул маселени тактоо үчүн Аманбай Кайыповго чалсам. “Мен сизди айткан эмесмин. Оппозицияны айткам” -дейт. Оппозиция да биздин жарандар. Бекназаровдор баштап, азыркы бийликти кызматка алып келген. Оппозиция күчтүү болсо, азыркы бийликке жакшы болот да.

– Айтканыңызга ынаналы, акыркы мезгилдеги кадр саясатындагы алмашуулар боюнча не дейсиз?

– Жакынкы күндөрү Коопсуздук кызматынын алдындагы   АКСтин башчысы, Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Иманалиева, Экономика министринин эки орун басары, Стат комитеттин башчысы кызматынан кетти. Мен кызматтан четтеген инсандардын  баары ишин жөндөй албаганы үчүн кызматтан кетти деп ойлобойм. Анткени, азыр кандай кызмат болбосун  чыныгы, иш билги, адискөй  кадрларга басым коюлбай кызматка илешкени  өз туугандарын же досторун кызматка тарткан көрүнүш орун ала баштады. Ошондой  сокур саясаттын кесепетинен кадр системасы талкаланып жатат. Жогоруда аты аталган инсандардын көпчүлүгү  ошол саясаттын курмандыгы болду. Эгер президент чыныгы иш билги инсандарга басым койсо, жаңы шайланган  Бишкек шаарынын мэрин Албек Ибраевди кызматка коёрдон мурун  Кулматов Бишкек шаарын акыр-чикирге  толтуруп кетти. Бу сапар кызматка иш билгисин коёюн демек. Эл арасында  “демократия, коррупция” деген сөздү жөндөп айта албаган адам кызматка келди деп Албек Ибраевди  шылдыңдап жатышат. Ошон үчүн  Президент  досторунун муктаждыгын канааттандырыш үчүн эби келбесе да кызматка коё берип, мамлекеттик кызматтын баркын кетирбей  мамлекеттик саясатты жогору коюшу керек. Президентке көлөкөсүн түшүргөн кадрлардан Албек Ибраев жалгыз эмес. Алардын катарында Фарид Ниязов менен бир алгылыктуу кызматты аткара албаган Темир Жумакадыров да бар.

– Бир мезгилде кечиримиңизди кабыл албаган Нарымбаев менен байланышып, акыбал- жайын сурадыңызбы?

– Жыгылган кишини теппейт дейт. Акыбалы минтип турганда ал тууралуу жаман сөз айткандан алысмын. Бирок, Президент  Нарымбаевдин акыбалы азыркы бийликтин абалын чагылдырарын эсине түйүп коюшу керек. Бийлик Нарымбаевди иштеттиби, анда анын күнөөсүн аягына чейин тактабай туруп каматып салышы бийлике аброй алып келбейт. Бир эле Нарымбаев күнөөлүү башкасы периште эмес да.

Классташым, досум, теңтушум Нарымбаевдин сотуна бардым. Акыбалын сурадым. Ал кетсе да адамкерчиликтен мен кетпейин дедим. Андан кабар алганыма, башына кыйын иш түшкөндө барганыма ал да ыраазы болду. Болгону кызматта турганда өзүн элдин баарынан жогору койгон учурлар болгон. Азыр Нарымбаевдей абалга Фарид Ниязов келди. Ал да адамды кабыл албай, башкалар менен иши жок болуп калды. Ошондой эле Темир Жумакадыров да адамдарды  теңине албай жүрөт. Казат Акматов  КДКнын чечимин көтөрүп кирейин дегенде дагы кабыл албай, “үйүңүзгө барам” деп алдап коюп, барбай койду. Казат Акматов нааразы болуп жүрүп өтүп кетти. Кыскасы, көзүн май басып калгандардан, бийликке көлөкөсүн түшүргөндөрдөн Атамбаев арылышы керек. Болбосо, ушулар эле аны аңга түртүп, бармагын эмес, чыканагын тиштей турган абалга кептеп коёт.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан. кж”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: