Menu

ИИМ: Шейшенбек Байзаков Эл аралык полиция ассоциациясынын президенти болуп шайланды

Бөлүшүү:

Эл аралык полициялар ассоциациясынын президенти катары генерал-майор Шейшенбек Байзаков шайланды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга ИИМдин орун басары, милициянын генерал-майору К. Асанов, мурдагы ички иштер министри Ш. Атаханов, ички иштер министринин мурдагы орун басары Б. Алымбеков, Генералдар клубунун төрагасы С. Дубанаев, “Честь имею” аттуу Кыргызстандын жалпы аскердик бирикмесинин төрагасы, ички кызматтын генерал-майору Ш. Байзаков, Башкы штаб башкармалыгынын башчысы К.Калыков, Эл аралык полициялар ассоциациясынын башчысы Pierre-Martin Moulin (Швейцария), Тышкы байланыш боюнча эл аралык комиссиянын төрагасы Алексей Ганькин (Россия), Эл аралык кесиптик комиссиясынын төрагасы May-Britt Rinaldo (Швеция), Администрация башчысы Stephen Crockard (Бириккен Королдугу), Социалдык маселелер боюнча эл аралык казыначысы Wolfgang Gabrutsch (Австрия), офис-менеджер Elke Schulpen-Roberts (Бириккен Королдугу), Эл аралык полициялар ассоциациясынын Казакстандагы секциясынын президенти, милициянын полковниги М. Нургалиев, эл аралык полиция ассоциациясынын Казакстандагы секциясынын башкы катчысы, милициянын полковниги Б. Колесниченко катышты.
Аталган конференцияда Кыргыз Республикасынын Эл аралык полициялар ассоциациясына дүйнөлүк полициялар коомуна толук кандуу мүчө катары кирүүсү боюнча маселелер чечилди. Бул иш-чара Кыргызстандын милициясынын аброюн бекемдөөгө жана дүйнөлүк деңгээлде мамлекетибиздин имиджин жогорулатууга кызмат кылат. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов өз сөзүндө, министрлик менен эл аралык полициялар ассоциациясынын ортосундагы мамилени жакшыртуу боюнча кызматташууну бекемдейт деп белгиледи.
К. Асанов Ички иштер министрлигинин атынан Швейцариянын, Россиянын, Швециянын, Австриянын жана Казакстандын Эл аралык полиция ассоциациясынын мүчөлөрүнө төш белгилерди тапшырды.
Эл аралык полициялар ассоциациясынын негизги максаты жана милдеттери болуп, өздөрүнүн мүчөлөрүнө юридикалык жардам көрсөтүү, маданий, спорттук иш-чараларды өткөрүү, эл аралык кызматташууну өнүктүрүү жана ардагерлер, ар кайсы өлкөнүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен маданий тажрыйба бөлүшүү, укук коргоо органдарынын имиджин жогорулатуу, милиция менен элдин ортосундагы мамилени жакшыртуу саналат.
Бүгүнкү күнү ЭПАнын филиалы Бишкек шаарында, Баткен жана Ысык-Көл облусунда түзүлгөн. Кыргыз Республикасындагы Эл аралык полициялар ассоциациясына мүчө катары укук коргоо органдарында иштеген тажрыйбалуу кызматкерлер кирип, ИИМдин кадыр-баркын көтөрүү менен алектенишет.
Андан соң конференция “Максимум” ишкерлик борборунда өтүп, добуш берүү аркылуу Эл аралык полициялар ассоциациясынын президенти катары Ш. Байзаков шайланды.
Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов конференция учурунда бул күндөгү окуя милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн эл аралык деңгээлде өнүктүрүүгө чоң салымын кошот деп белгиледи.
Ушул эле күнү сыйлуу коноктор Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлеринин Даңк мемориалына гүл коюп, Сагын Нааматов атындагы Кыргыз милиция музейине барышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 15 = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: