Menu

Жанар Акаев, ЖКнын депутаты: “Мен президентти мактап, кошомат кылуу жолго эч качан барбайм. “Атамбаев уурдабайт” деп эч качан айткан эмесмин”

Бөлүшүү:

— Жанар, кечээ КТРге каттуу асылып, жетекчиси менен да кайым айтыша түшкөндөй болдуң. Илим Карыпбековдун иш алып баруу системасы жакпай жатабы?

— Кечээ КТРге көп деле асылып катуу айткан жокмун. Менимче КТРдин жетекчиси Илим Карыпбеков өзүнүн менеджерлигин көрсөтүп, колунан келишинче жакшы иштерди жасап жатат. КТРдин көптөн бери оңолбогон имараттарын оңдоду, техникалык жактан жакшыртты, бюджетин көбөйтүүгө жакшы иштерди жасады. Чыныгы менеджерлигин көрсөтө алды десем жаңылышпайм. Илим Карыпбековду КТРден кийин башка мамлекеттик кызматтарга тартып, менеджерлик кызматын пайдаланыш керек деп ойлойм. Ал эми КТРдин маңызы жагынан мен эмес элде, депутаттардын арасында суроолор көп. Бул жеке Илим Карыпбековдун эркинен көз каранды эмес деп ойлойм. Ал колунан келишинче аракет кылып жатат.

— Абдил Сегизбаев менен кечээ пикириңер келишпестигин байкадык. УКМКнын төрагасы сени жаш бала сыяктуу ормон опузага салганы байкалды. Териккениң жокпу?

— Абдил Сегизбаевдин мага болгон оройлугун деле байкаган жокмун. Кечээки абалда бир аз эмоция менен жооп берип жатты деп ойлойм. Мага болгон өзүнүн оюн айтты, мен да оюмду айттым. Бул жерден эч кандай трагедия көрбөдүм. Абдил Сегизбаев дагы өзүнүн милдетин аткарып жүрөт. Улуттук коопсуздук кызматын башкарып, биз билбеген далай коркунучтарды, терроризм сыяктуу кырдаалдарды эске алып жооп берип жаткандыр. Мен ага эч кандай таарынган жокмун.

— Экөөңөрдүн мамилеңер мурда-кийин бар беле?

— Саламыбыз түз, мурда-кийин пикирибиз дагы келишпей калган кырдаал деле түзүлгөн эмес. Мамилебиз жаман эмес болчу.

— Президенттин сен тууралуу “балашка” парламенттик шайлоо учурундагы абалы эсинен чыгып калган го. Каражатын биз көтөрүп бергенбиз”-деген сөзүнө жооп бербей, соцбаракчаңа Шайлообек Дүйшеевдин ырын илип койдуң. Кийин “компьютерге жетсем мындайларга жооп берем”-деп жазып жатып эле жок болуп кеттиң?

— Жалданып, жагалданып интернетте иштеген атайын топтор бар эмеспи. Мен ошолорго компьютерге жетсем жооп берем деп айттым. Президенттин өзүнүн пикири, ал киши эмнени айтканын өтө жакшы түшүнгөн жокмун. Балким адашып калды го деп ойлойм.

— Азыр президент менен мамилең жакшы элеби?

— Жакшы эле, мага болгон мамилеси өзгөргөнүн байкаган жокмун. Президентке жагыныш үчүн аны тынбай мактап, кошомат кылып, “Сиз абдан туура айтып, иштеп жатасыз” деп мактап турсак деле болот. Мен президентти мактап, кошомат кылуу жолго эч качан барбайм. Алмазбек Шаршеновичти мактап, кошомат кылып жаткандар жетиштүү. Биздин милдет туура сөздү айтып туруу. Аны президент кандай кабыл алат, өзүнүн иши. Сиз айтып жаткан окуядан кийин президент менен жолугуша элекмин.

— Партиялаштарың сага шайлоодо ордун бошотуп бергем деп чыгышты. Буга кандай жооп айтасың? Ким сага ордун бошотуп берди эле?

— Ар бир адамдын өзүнүн пикири бар. Мындай учурда эмоцияга алдырып жазып коюшат да. Шайлоо бүткөндөн кийин адамдар ар кандай айта берет. Шайлоонун убагында бир күн тыным албай иштегенибизди баарыбыз жакшы билебиз. Шайлоо өткөндөн кийин бүткөн ашка сынчы көп болуп жатышат. Ар бир сын-пикирди туура эле кабыл алам. Балким алар жөндүү сын айтса макул болуп угам.

— Кечээки күндү Белизден келген ата-мекенчи депутаттарга байланыштуу чырды иликтеп бүтө албай өткөрдүңөр?

— Иш толук иликтенип бүтө электе маалыматтар ачыкка чыгып кеткени туура эмес болду. Кечээ атайын кызматтарды чакырып, депутаттар айрым күмөндүү суроолорду бергенге аракет жасадык. Документ тастыктала электе айрым адамдардын аты аталып кеткени бир аз туура эмес болуп калды. Мындай нерсе кийин президентке бир аз ыңгайсыздык алып келип коюшу мүмкүн. Укук коргоо органдары иликтеп бүтсүн, так жообун угабыз.

— КТР аркылуу атайын суммалар да байма-бай көрсөтүлүп жатпайбы. Ушул нерсе талкууга негиз болуп берди окшойт.

— КТРге болгон сындын баары ошонун айынан айтылып жатат. Укук коргоо органдары иликтеп, так маалымат чыкмайынча деги эле ММК тармагы кайсыл бир тараптуу айыптабай же жактабай туруш керек. Иликтөө иштерин күтүү талапка ылайык келет.

Маектешкен Б.Мырзатова

Булак: “Жаңы ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: