Menu

Сапар Исаков ОшМУнун студенттеринин суроолоруна жооп берди

Бөлүшүү:

Сапар Исаков бүгүн, 26-сентябрда, Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ош мамлекеттик университетине барды. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты билдирет.

Эки сааттан ашык убакытка созулган жолугушууда Өкмөт башчы ОшМУнун студенттеринин 50дөн ашык суроолоруна жооп берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы өлкөнүн аймагына иш сапары менен чыккан учурда ар дайым  жогорку билим берүү мекемелерине барып, өлкөнүн келечеги болгон студенттер менен жолугушууга убакыт табууга аракет кыларын билдирди.

Студенттер шаардын структурасы, билим берүү системасы, ата мекендик өнөр жайын өнүктүрүү багытындагы Өкмөттүн пландарына кызыгышты. Ошондой эле, жол кырсыктарын азайтуу көйгөйлөрү, спорт, айлана-чөйрөнү сактоо жана өнүктүрүү, чет өлкөгө окууга мүмкүнчүлүк алуу тууралуу да баарлашты.

Өкмөт башчы «Жаңы доорго — кырк кадам» Өкмөттүн программасы тууралуу кеңири маалымат берип, анда экологияга өзгөчө басым жасалганын  белгиледи.

Тактап айтканда ал жакында эле «Centerra Gold Inc.» компаниясы менен түзүлгөн жаңы келишимдин маани-маңызы тууралуу айтып берип, анын алкагында Ысык-Көл облусунда экологияны сактоо багытында аткарыла турган иштерге ири суммадагы финансылык каражат бөлүнөрүн кошумчалады.

Аны менен бирге Өкмөт башчы өлкөдө жаңы өнөр жай ишканаларын ачууга сырттан инветиция тартуу керектигин, ошол эле учурда инвесторлордун өлкө ичинде иш алып баруусунда эң негизги талап экологиялык нормаларга аяр мамиле кылуу экенин билдирди.

Мындан сырткары Өкмөт башчы мектептердин айланасында жол инфраструктурасын жакшыртуу, сыртта жүргөн эмгек мигранттарына колдоо көрсөтүү жана аймактардагы жаш мугалимдерге дем берүү боюнча пландары менен бөлүштү. Ал Ош шаары тездик менен өнүгүп жатканын баса белгилеп, жакын арада бул жерде  «Акылдуу шаар» долбоору ишке ашаарын кошумчалады.

ОшМУнун студенттери менен баарлашуу учурунда Премьер-министр бизнес өкүлчүлүгү менен биргеликте ишке ашырыла турган долбоорлор тууралуу да пикир алышты.

Сапар Исаков ОшМУнун студентин Ашхабад шаарында жабык имаратта өтүп жаткан Азия оюндарында алтын медаль алышы менен куттуктады. Ал ошондой эле «Таза коом» долбоорун ишке ашыруунун алкагында студенттерди башка ЖОЖ студенттери менен түрдүү талкууларды өткөрүүсүн колдой турганын да  баса белгиледи.

Премьер-министр Сапар Исаков Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасынын ишмердүүлүгү менен да таанышып чыкты.

Аталган клиника көп тармактуу болуп, анда амбулатордук-диагностика жана күндүзгү стационар бөлүмдөрү иштейт. Клиниканын медициналык кызматкерлери 12 багыт боюнча иш алып барат.

Өкмөт башчы дарылоо жана практикалык сабактарды өткөрүү бөлмөлөрү жана жаңы жабдуулар менен камтылган виртуалдык бөлүмгө кирип, студенттердин  хирургия, педиатрия, урология, акушердик гинекология жана башка медициналык багыттар боюнча сабактарды өтө турган шарттарын карап чыкты.

Өкмөт башчы ошондой эле ОшМУнун DATA-борборунун ишмердүүлүгүн көрдү. Ал жерде университетти электрондук башкаруу жана окуу процесстерин электрондук форматта эсепке алуу шарттары менен таанышты.

Өкмөт башчы окуу процессинин жогорку деңгээлде экенин баса белгиледи.

«Азыркы тапта  Өкмөт мамлекеттик тейлөөлөрдү санариптештирүү боюнча иш алып барууда. Мен бүгүн бул долбоор сиздердин окуу жайда ийгиликтүү ишке ашып жатканын көрдүм. Республиканын башка университеттери ОшМУдан үлгү алса болот, деп эсептейм», — деди Сапар Исаков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: