Menu

Чубак ажы Жалилов: “Мен депутат болсом – эң сонун болот! Мага окшогон жылаңач баатырлар эл өкүлү болушу шарт”

Бөлүшүү:

Заманыбыздын залкар инсаны, аалым Чубак ажыга интеллектуалдык, руханий багыттарда маектешүүгө ниеттенгем, бирок, окурмандардан ондогон каттар келе баштады, өзүмө да телефон чалышат, болгону “бытовой” суроолор, күнүмдүк көр тирликтин аксиомасынан кеп козгошуп… Эмне кылабыз? Элимдин айтканын ажыкеге жеткизип, ортодон “далдалчы” болуп атат окшойм…

 (Башы өткөн сандарда)

 — Чубак ажы, 23-февралды кандай мааниде урматтап, майрамдасак болот? Бул күн мекенибиз үчүн өтө маанилүү дата болсо керек?..

— Мурда “Советтик Армиянын күнү” деп белгиленип келген 23-февраль Кыргызстан эгемендик алгандан кийин, 2003-жылдан тарта, “Ата Мекенди коргоочулар күнү” деп аталып, бул күн майрам, эс алуу күнү катары жарыяланган.

Совет доорунда бул күн атайын эс алуу күнү катары каралган эмес. “Бул майрам” деп аталган күн, ошол доордо деле анчалык чоң шаан-шөкөт менен майрамдалчу эмес. Жигиттерди келечекте Советтик Армиянын катарында кызмат өтөөгө үндөө, шыктандыруу катары кабыл алынчу. Кыздар балдарга открытка менен китепти белекке берүү менен чектелчү.

Кыргыз өкмөтүнүн атайынын токтомунун негизинде, жаш өсүп келе жаткан муунду мекенчилдикке тарбиялоо максатында “23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнү” деп белгиленгенин эске салсак, анда бул жаштарды патриоттуулукка тарбиялоого болгон иш-чара катары караганыбыз оң.

Совет өкмөтүнүн доорунда өзүнүн пикири бар интеллигенциянын көрүнүктүү өкүлдөрү атайын куугунтукка алынып, керек болсо ошол эле өзүбүздун улутташтарыбыздын колу менен кордолгон, жоготулган. Исхак Раззаковдун мисалы буга жаркын сүрөт болуп берет. Орустарды угуп, алардын сызыгынан чыкпай жүргөндөр, өз бетинче ойлонууга чамасы жетпегендер, жетсе да духу жетпегендер узакка чейин иштеген жогорку кызматтарда. Бул сыяктуу жоруктар азыркы күнгө чейин деле улантылып келет. “Хоп-ляппайды” жакшы өздөштүргөндөр азыр деле кызматтарда узакка “мамонттой” болуп жүрө беришет эмеспи…

Мына ошол доордогу иммунитеттин жоголгондугун өзбек жазуучусу Нуруллох Мухаммад Рауфхондун калемине таандык болгон “Бу кунлар” деген романы, Ислам Абдуганиевич Каримовдун жашоосунун сүртүмдөрү менен керемет сүрөттөп берген (Стамбул, Догу басмаканасы, 2016).

Айтор, мына ошентип эркиндиктин, эркин ойлонуунун иммунитети атайылап жоготулуп, анын ордуна ээрчимеликтин, жетеленмеликтин, көз карандыктын ачыткысы  мураска берилген. Мына ошол “өксүк” комплексинин инерциясы менен совет доорундагы майрамдар совет доору менен кошо көмүлбөй калганын туура эле түшүнсөк болот. Андан сырткары, ошол 2003-жылы өкмөттүн башында “улуу орус элинин” уулу Николай Танаев турган. Бул киши 2002-жылдын 22-майынан баштап, 2005-жылдын 25-мартына чейин номур экинчи креслону жылытып турган. Ал убакта Орусиянын тамагын эбегейсиз көп ичип, ошол жакта окуп-чокуп, кийин ошол жакка качып кеткен Аскар Акаев президент эле. “Президент Ельцин же кийинки Путин таксыр кашык менен башка чаап жибербесин” деп, “Ата Мекенди коргоочулардын күнү” деп майрамды калтыргандай элес калтырат. Болбосо жаркыраган жаздын күндөрүнүн бирине койсо, же бышыкчылык болуп, ак төөнүн карды жарылган күркүрөгөн күздүн күндөрүнүн бирине койсо, Ата Мекенди коргоочуларды куттуктап тосуп берип жаткан “Ата Мекенди коргобоочуларга” материалдык жактан жеңилирээк болот беле?..

Бизде азыркы жаштар бул күндүн тарыхына деле кызыкпайт. Совет доорунда деле, андан кийинки эгемендик жылдардагы маанисине деле маани бербейт, жөн гана мырзалардын майрамы деп билишип эле эркектерди куттуктап жатып калышат. Кээде өмүр бою чек арада иштеген айым деле мектепте мугалим болуп иштеген күйөөсүн бул майрамы менен куттуктап коё берүүсү кадимкидей эле көрүнүш. Таңкалычтуу көрүнүш. Болбосо Ата Мекенди коргоо жынысына карабайт эмеспи.

Кээде ой келет, “Эркектердин күнү” деп эле атап койсо кандай болоор экен бул күндү (?) деп. Анткени, Ата Мекенди коргогону деле, коргобой дезертир болуп жүргөнү деле, бул күндүн фазилети менен бармактарындагы майды жалап жатышпайбы? Антейин десең, дагы башка ой келип кетет: эркек деген макулукту бир эле күн карап, калган күндөрү маани бербей койсо, байкуш жүдөп кетет эмеспи? Андыктан аялзаты аларды кадырлоону бир күнгө чектеп койбой, ар бир күнү беш мүнөттөн эле маани берип карап турса, бул эркек түшкүрүң териси жылтырып чыга келет эмеспи…

— 8-мартта кыз-келиндерге, энелерге гүл берип, аялзатынын жүрөгүн майрамга бөлөсөк, сиз колдойсузбу?

— Кыргыз эли илгертеден табият менен таттуу жашаган. Аларды кордогон эмес. Булбулду алтын капаска камап койбостон, анын үнүн угуп суктанган кыргыз. Жер жайнаган гүлгө оронуп жашаган кыргыз. Ал гүлдүн элесин саймага түшүрүп, кыздарына Анаргүл, Алмагүл, Гүлкайыр, Гүлнур, Гүлшайыр, Гүлназ, Гулиза, Гүлжамал, Роза, Айгүл деп атын койгон кыргыз. Жулуп албастан, ошол турган жеринен карап, анын жулунганына эмес, өсүп турганына суктанган кыргыз.

“Кыздын көөнү кызылда” деп кыргыз кызына кызылдан көйнөк алып берген. Бул кааданы Памир кыргыздары азыркы күнгө чейин карманып келгенин баарыбыз билебиз. Шуру-мончок, алтын-күмүш жасалга алып берген, жасатып берген кыргыз. Ошол жергесинде жаз келбегендер, келсе да жазы кайсарланып эрте кеткен жерлерде жасалма гүл өстүрүп, аны карап ырахаттангандарга керек болбосо, бизде кереги жок. Анткени бизде отоо чөп болгон чырмооктун деле гүл ачканы керемет эмеспи? Айгүл гүлүн жулгандарга кылмыш ишин козгоону талап кылабыз да, жоогазын менен розаны эмне мынча кордодук? Ошого карабай гүл бергиси келгендер, идишке өстүрүлгөн гүлдөрдү берүү маданиятын өздөрүнө сиңдиришсе жакшы болмок. Үйдөгү абанын тазалануусуна да, көңүлдүн көтөрүлүүсүнө да, махабаттын бекемделүүсүнө да өбөк болмок. Жеке мен гүл тартуулаганда идиште өсүп турган гүлдөрдү гана белекке берип жүрөм. Аялдардын жүрөгү бир эле күндө сүйүнүчкө бөлөнүп, башка күндөрү кур жалак калганга ылайыктуу эмес.

Ал эми майрам делип жаткан күндүн тарыхына келсек: Байыркы Рим жеринде аялдар күнү үй-бүлөлүү зайыптар күйөөлөрүнөн белек алып, алар көңүл борборуна айланып, тиричилик түйшүгүнөн аз да болсо алысташкан экен. Күндөр өтүп, акыры америкалык тикмечи айымдар теңчилик үчүн 1857-жылдын 8-март күнү Нью-Йорк шаарында митингге чыгышкан. Америкалык Социалисттик партия 1909-жылы февраль айынын акыркы дем алышын “Аялдардын улуттук күнү” деп жар салган. Ошентип аялдардын күнүн белгилөө алардын экономикалык жана коомдук абалын теңдөө күрөшүнө айланган.

Аялдардын эл аралык күнү Клара Цеткиндин сунушу менен 1910-жылы 8-мартта Копенгаген шаарында өткөн социалисттердин 2-эл аралык конференциясында кабыл кылынган.

СССРде 8-март 1965-жылдан тарта Леонид Брежнев киргизген сунуш менен эс алуу күнү болуп башталган.

БУУ 1977-жылы атайын резолюция менен 8-март – эл аралык аялдар күнү катары расмий кабыл алынган.

Мына ошол аялдары кордолгон жерден чыккан экен да бул майрам. Курманжан даткасы менен Жаркын айымы, Роза Отунбаевасы менен Чолпон Баековасы, Күлүйпа Кондучаловасы, Таттыбүбүсү менен Бүбүсарасы, Зуураканы менен Керимбүбүсү, Телегейи менен Уркуясы, Жаңыл мырзасы менен Кыз Сайкалы, Аида Саляновасы менен Индира Жолдубаевасы бар кыргызга бул майрамдын канчалык зарылчылыгы бар экен? Балким бул майрамды белгилөө кыргыз айымдарынын даражасын төмөн түшүргөн жумуш болуп жүрбөсүн? Бул маселеге мен эмес, парламентте отурган депутаттар башын оорутсун. Ошолордун иши.

Эми азыр мамлекетибизде бул майрам ошол коюу каштуу, бири  украин десе, экинчиси орус деген, башкасы жөөт деген, Сталин таксыр молдован деген СССРдин Султан Сулайманы Брежнев мырзанын буйругунун шарапаты менен келе жатат.

Дегеле кыргыз кыйын эл. Эптеп эле “жамбаштап жатсак сонун да” деп каникул менен эс алууну көбөйткөнгө куштарбыз. Бир азыраак суук болуп кетип, бир-эки депутат оозун ачып жапкыча, министр мурдатан эле даярдап турганбы, айтор, Кыргызстан боюнча мектептер эс алып жатып калды. Түштүк жакка ошол күндөрү барып калсам, жолдун баары чаң, бош жүргөн баланын баары чаң болуп ойноп жүрөт. Мындай бир карап, ошого жараша деле эс алса болобу (?) дейм да.

Биздеги майрамдарды карап отурсаң, ит атарлар менен сойкулардын эле майрамы белгиленбей калыптыр, калганынын баары бар. Ал эми менин коллегаларым – молдокелердики болсо күндө майрам, күндө той. “Өлөңдүү жерде өгүз семиз, өлүмдүү жерде молдо семиз” болуп, күндө той. Бирөө туулса деле той, өлсө деле той болуп жатып калдык. Ысырапкерчиликке каршы фатвалар менен токтомдорду токугандан башка жарытылуу ишибиз жок. Ким той берсе эле мен баш болуп соорун аңдып ошол жерде жүрөбүз. Мен дагы кичине элге сүйлөп, аки-чүкүнү айтып адалдагансыйм, а кээ бирлерибиз жөн эле айылчылап басып жүрөт. Кудайым шерменде болгондон сактасын.

Интернет булактарында ар кандай агымдар элдин башын айландырып, өздөрүнө тартып бүттү, биздикилер дале болсо хикматтуу сөздөр менен өзүнө жараша чиновниктерге кошоматтануудан кол бошой элек. Кыяматта элдин ыйманынын, абийиринин суздап кетүүсүнө биринчи кезекте молдокелер, биз жооптуубуз.

— Маселен, Жогорку Кеңеште Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, Алтынбек Сулайманов ж.б. ажыкелер депутат болуп отурат. Балким, сиз да кийинки парламенттик шайлоодо Кудай насип кылса депутат болуп келүүгө оюңуз болуп аткандыр?

— Эмне үчүн болбосун, депутат болсом — сонун эле болот. Мен да Кыргызстандын жаранымын. Бир эмес, бир куржун дипломдордун ээсимин. Мамлекет үчүн жан күйүп иштейм. Эч кандай бизнесим жок. Жадагалса ширеңке саткан комок жок менде. Кээ бир депутаттар бизнестери болгон үчүн унчуга албай эле отуруп берет да. Мага окшогон жылаңач баатырлар гана жарайт мындай иштерге. Жогото турган эч нерсеси жок. Ишинен кетсе мурдагыдай эле кайрадан жылаңач жүрө беришет да алар. Анан кээ бир депутаттар окубай, чокубай эле диплом сатып алып, апасынын сандыгына сары майдай сактап койгондору деле бар. Алардыкы сүйлөгөн сөзүнөн деле билинип турат. Сервантести “сервант” же “шифоньер” деп айтып алганын көрүп эле жүрбөйбүзбү?.. Ага караганда менин кагаздарым бир топ эле олуттуу да, кадырлуу да. Анча-мынча молдокелерге кайнене болгон, карыганда чоң болуп, анысын көтөрө албай, бизге тийишкен, кичине паралап койсо унчукпай калган, ал түгөнгөндө кайра баштагандарды жана ага абысын болгон бирин-экин бейтаалайларды эсепке албаганда, Кудайга шүгүр дипломдорубуз бар, эмгектерди өзүбүз жазганбыз… Дагы деле тынбай окуп жатабыз…

— Баса, Канатбек Исаев беш маал намаз окуган ажы депутат эле. Ошого катар ал оппозиция лидери катары да бийликти катуу сындап, акыры болбогон жалаалар менен түрмөгө камалды. Бул жагынан кандай ойдосуз?

— Канат досум да ажыга барган. Кудай Таалам үй-бүлөсүнө кайрат, чыдамдуулук берсин. Эми жанагы интернетте тыйын таратып, “тиги-бу” деп айтылып жаткан сөздөр монтаж болуп чыкса экен, ылайым. Кудай Таалам куркулдайдын да уясы бузулбаганын каалайт эмеспи.

Анан дагы бир маселе, “ажыга барган десе эле периште болуп кетиптир” деп түшүнбөш керек да. Ажылык мончо сыяктуу. Бирөө кирип таптаза болуп жуунуп чыгат. Башка бирөө башкалардын кирин өзүнө жугузуп чыгат. Дагы бирөөсү мончого барып ар кимдин авретин тиктеп, көзүнүн нурун жоготуп чыгат. Ажы десе эле ар нерсени милдет кыла бербеш керек да. “Эң эле кыйын” деп, бүтүндөй эл “кыйын экен” деп шайлап, сүрөттөрүн аздектеп төргө илген эки падыша деле алды-артын карабай качып кетти го? Анча-мынча ажылардан кетсе эле, баса калбаш керек да, Аслан мырза! Инсан болгондон кийин адашат. “Адашкандын айбы жок, кайтып үйрүн тапкан соң” дейт кеменгер кыргыз.

— Саясатта, жогорку кызматтарда жүргөн дос, тааныштарым “Чубак ажыдан ар бир гезиттин санына маек алып атасың. Сурообуз бар, кыз-келиндерге эсепсиз бардык, бүгүнкү күндө да ошол… күнөө экенин билсек дагы бул жанкумарды аттап кете албай, сулуулардын эрмеги болуп атабыз. Чубак ажыдан сурачы, эми тозоктун отуна түз эле киргени калдык го?” дешүүдө. Мына ушунча азапты алдына алып, мамлекет тараптан көп аял алуу мыйзамын киргизип койсо болот беле? Же азаптан кутулуунун башка дагы жолдору барбы?

— Сиз айтып жаткан мыйзамды Надира эжебиз Нарматова өткөндө колдоп жаткан эле. Деги эле мыйзамдар аяк-быяктан көчүрүп алынбай, өзүбүздүн менталитет, каада-салт, нарк-нускабызды эске алып жазылса, кыйла жугуштуу болор беле? Анткени, кээде мыйзам жазгандар өздөрү жазган мыйзамдын чегинен чыга албай калып, макүрөө иштерге барганын көрүп калып жатпайбызбы?

Кимдир бирөө никесиз байланышка барса, сөзсүз түрдө анын аялына, же кыздарына, же апасына, же таежесине, же небере кыздарына башка бирөө никесиз байланышка барып, кордошот. Такыр эле аялзатынан тууганы болбой калса, анда ошол сойку эркек келип беркинин дубалына жаба заара кылып кетет. Бул “салынуу кашык” деген көөнө нарктын мааниси. Шариатта мына ушундай айтылат.

Ким энеси менен эжеси, кызы менен келини, аялы менен таежеси башкалар тарабынан зордукталганды кааласа, анда ал каалаганын кыла берсин. Хадисте айтылат: “Зынаа (никесиз байланыш) ойноштук кылып жатканда ыйманы андан көтөрүлүп турат”. Эми ошондо ысык жан эмеспи, кокустан муздап кетсе эмне болот? Ыйманы жок кетеби акыретке? Такыр эле болбой баратса, орозо кармасын. Орозо – мусулман адамдын күнөөдөн тосо турган калканы.

Дагы башка бир нерселерди божурап айтып берейин дейм, “Азиза Абдрасулова деген неме чыгып, дагы кадыр-баркын көтөрүп алабы?” деп ойлоп турам. Кадыржан Батыров менен алыскы Европада чогуу отуруп, элдин назарынан кыйла түшө калды эле бул эжем, анан ошону тикелегенге аракетти абдан кылды. Азиза эже “ыраматылык Манас Бердибеков менен бир төшөктө эле жатып жүргөнбүз, чоңойгонбуз” деп илгери бир айтканын окуганым бар эле гезиттен, эсиме жара чыгып унутуп калган болбосом? Андан бери көп убакыт өттү. Беш-Бадамдан болот да. Ошол жерде Манас акелер туугандарынан болуп, чогуу чоңойгонун айтса керек чунак киши. Ката айтсам оңдоп коёр, “жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт” эмеспи.

— Мээрим деген кыздан редакцияга кат келиптир. “Мен эркектин жыныс мүчөсүн өпкүлөп, лаззатка батууну жактырам. Өнөктөшүм менен кошулуп атканда, арткы органыма киргизгенди жактырам… Көнүп алдым, бул күнөө эмеспи?..” деп жазыптыр. Ушул жагынан кандай кеңеш бересиз?..

— Аслан бей, айланып келип эле ушундай суроолорду таап келесиз. Биринчиси макрух, экинчиси арам. Мунун жообу ушуну менен тамам.

Шариатта “суроого жооп бербей койгон – кыяматта оттон болгон жүгөн менен жүгөндөлөт” дегенди укканым бар болгону үчүн жооп бердим. Аны сагынып саргайгандан жооп бербейт элем.

Кээ бирлер ушундай суроолор менен жоопторду издеп окуйт экен, тобаа! Башка “намаз оку, жоолук салын” деген кептерим өтө эле көп, аны укпайт. Только ушуну угат. Ойлоп калам, ушул темадан өксүк болгондор ушуларды жата калып окуйт экен да, жок дегенде окуп ырахат алалы деп… Ал деле сооп болсо керек…

— Чубак ажы, канткенде жөн эле жакшы адам боло алабыз?

— Менин айткандарымды эле уга берсеңиз, жаман болбойсуз… “Молдонун айтканын кыл” деп бекеринен айтылган эмес. Молдонун кылганынын көбү, көбүнүн колунан келбейт. Ошондуктан айткандарды угуп, аткара берсеңиз өксү болбойсуз… Кудай Таалам жакшылык жаадырсын баарыбызга.

(Уландысы кийинки санда)

Асланбек САРТБАЕВ

Булак: Азия Ньюс 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: