Баткен облусундагы Айдаркен сымап комбинатынын жетекчиси Толубай Салиев мурунку бийликтин «серый-кардиналы» делген Икрам Илмияновго таянып, “өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илген” мыйзамсыз иштерди жасаганы жергиликтүү элдин кыжырын кайнатып келгени маалым. Анын кыңыр иштери ММКлардан бир нече жазылган. Ал арада Айдаркен шаардык кеңештин депутаттары менен шаар тургундары Жогорку Кеңештин депутаты Закир Шараповго кайрылып, «Жогорку жактагы мамлекеттик органдар аркылуу Толубай Салиевдин мыйзамсыз иштерин дыкат текшерип, иликтеп, жоопкерчилигин карап берүүңүздөрдү өтүнөбүз» деп өтүнгөн. Эл өкүлү бул көйгөдү парламенттен айтып, бийлик өкүлдөрүнө чара көрүүнү өтүнгөн. Кызыгы, ишенген кожосунан (Илмияновдон) кол жууп, коррупциялык «былыгы» үчүн жоопкерчиликке тартылганы калган Салиев айласын таппай кыйпычыктап, жай айларында буйрутма материалдар менен Закир Шараповду каралаганга аракеттенди. Алардын айтымында эл өкүлү сымап комбинатын жаптырып, менчиктештиргени жаткан имиш. Кудайды карабайбы, комбинаттын тагдыры эки ирет жардын кырына илинип, сатыла турган болгондо так ушул Закир Шарапов сактап калганын элдин баары билет, тастыктай турган материалдар бар. Ал кезде Толубай Салиев кайда жүргөн? Айтор, бул боюнча кеңири маалыматты кийинки санда окуйсуздар.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ